Кыргызча   Русский



КЫРГЫЗ ТИЛИНИН СЫРЛАРЫН БИЛИП АЛГЫЛА!

Жай сүйлөм

   Биз сүйлөп жатканда оюбузду сүйлөмдөр аркылуу билдиребиз.

     Ал сүйлөмдөрдү ар кандай интонация менен айтабыз.

    Ошондуктан кыргыз тилинде айтылышына карай сүйлөмдөр 4кө бөлүнөт.

    Эгерде биз өзүбүздүн оюбузду жайынча гана билдирсек, анда жай сүйлөм болот.

   Жай сүйлөмдүн аягына чекит белгиси (.) коюлат.

 



Өзүӊдү текшер!


Кайсынысы жай сүйлөм болот?


Кайсы сүйлөмгө чекит коюлат?