Кыргызча   Русский





ОКУП ТҮШҮНҮҮ

ӨЗ CӨЗҮБҮЗ МЕНЕН КАЙРА АЙТЫП БЕРГЕНГЕ КӨНҮГӨЛҮ

Уяда

       Жай мезгили. Досум экөөбүз талаада ойноп жүргөнбүз. Калың чөптөргө жеткенибизде, чырылдап бир чымчык учуп чыга калды. Ал биздин өйдө жагыбызда айланып учуп жүрдү. Биз абайлай басып келип, узун чөптөрдү ачып карадык. Ал жердеги жанагы чымчыктын уясы бар экен. Досум экөөбүз уяга кол тийгизбей, артка кайттык.

       Көп өтпөй уяда балапандар пайда болду. Биз уяга тез-тез келип турдук. Балапандар бизге көнүп калышты. Алар бизден коркушчу эмес. Балапандар чоңоюп, уясынан учуп кетишти. Биз шаарга жөнөп кеттик. Досум экөөбүз жайдын ысык күндөрүн жана уядагы балапандарды көп эстедик.

 

Балтасыз уста

      Тоңкулдак – токойдун жыгач устасы. Анын тумшугу бекем жана учтуу келет.

Тоңкулдак – бийиктиктен коркпогон кайраттуу канаттуу. Анын тырмактары ийилген жана курч болот. Бутакта бекем олтурууга анын куйругу да жардам берет. Жыгачка жабышкан токой устасы кечке тынбай айлананы жаңыртат.

   Анын тамагы дарактын кабыгында жашынган токой зыянкечтери. Ал курт-кумурскалардын жумурткаларын узун тили менен илип жейт.

 



Туура которгула!
«Уяда»




Туура которгула!
«Балтасыз уста»







УГУП ТҮШҮНҮҮ

ТЕКСТТИ КУНТ КОЮП УГАЛЫ. ӨЗ СӨЗҮБҮЗ  МЕНЕН АЙТЫП БЕРГЕНГЕ МАШЫГАЛЫ 

САРЫ БАРПЫ

    Сары барпы деп аталган канаттууну көрдүңөр беле? Чоңдугу чөкө таандай. Жүнү негизинен сапсары келип, июль айында толук ачылып, гүлдөп турган күн караманын таажысына окшош. Ырас, короздору гана сапсары болушат. Ургаачылары бозураак, тулку бою да муштумдан кичирээк.

    Эгерде силер жашаган тарапта өзөн суу бойлоп мажүрүмтал өссө, анда сары барпыны ошол жерден көрүүнөр мүмкүн. Себеби, бул канаттуулар апрель айында түштүк тараптан учуп келип, уясын ошол талдын калың бутактарынын арасына салат. Топтоголок уясын жиптей ичке бутактардын учуна «байлап, чырмап» жасагандыктан, ага эч бир ит-куш да жете албайт. Чаң учурган катуу шамал да уясын жерге кулата албайт. Анткени, ал жыгачтын кайыштай бекем кабыгы менен өрүмдөлүп токулат. Сары барпынын мындай амалын, айлакердигин көргөн адам баласы таң калбай койбойт.