Кыргызча   Русский





ОКУП ТҮШҮНҮҮ

ӨЗ CӨЗҮБҮЗ МЕНЕН КАЙРА АЙТЫП БЕРГЕНГЕ КӨНҮГӨЛҮ

Балчы

     Май айы келди. Жагымдуу жаз күндөрү башталды. Эрландын таятасы балчы. Ал атайын аарылар жашаган бал челектерин кармайт. Жыгач челектерди дайыма оңдоп, сырдап турат. Кышында аарыларга кант берип багат. Бал челектерди жылуулап карайт. Жаз келгенде аарылар адамдарга иштешет. Аарылар ачылган гүлдөрдүн таттуу ширелерин чогултушат. Бул ширелерден адамдарга пайдалуу бал алынат. Бал адамдарга күч-кубат берет. Ал эмгекчил аарыларды жакшы көрөт.

 



Өзүңдү текшер!







УГУП ТҮШҮНҮҮ

ТЕКСТТИ КУНТ КОЮП УГАЛЫ. ӨЗ СӨЗҮБҮЗ  МЕНЕН АЙТЫП БЕРГЕНГЕ МАШЫГАЛЫ 

БАЛ ААРЫ

   Кадимки бал аарысы канатын секундасына 200 ирет какса,ал эми көгүчкөн тогуз эле жолу шилтөөгө үлгүрөт. Бал аарысы орто эсеп менен саатына алты жарым чакырым жол басып өтөт. Күнүнө 700гө жакын гүлгө учуп-конуп чаңдаштырат. Ошондуктан бал челектер жайгаш­кан жердеги жемиш бактар түшүмдү мол берет. Бир ки­лограмм бал жыйнаш үчүн бир эле аары 3000 чакырым аралыкка учуп, 19 миллионго жакын гүлгө конот.