Кыргызча   Русский



ЫРДЫ УГУП, ОКУП ЖАТТАП АЛАЛЫ.

ОБОНУН ҮЙРӨНҮП, ЧОГУУ ЫРДАЙЛЫ.

Туулган күнүң менен, апа!

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Тил гимни

Сөзү: С. Алтымышовдуку

Музыкасы: Б. Алишеровдуку.

 

Тил жаралып Көкө-Теңир таңынан,

Адамзаттын дөөлөтүнө буйруган.

Адам деген түп сөзүнөн элимдин,

Кыргыз тили ай-ааламга жаңырган.

 

Кайырма:

Кыргыз тили - жүрөгүм,

Манас ата туу туткан.

Кыргыз тили - Мекеним,

Менин өлкөм Кыргызстан!

 

Мекен тили Ата журттун кареги,

Биримдиги, күч-кубаты тиреги.

Мекен тили куттуу кыргыз элимдин,

Көкүрөктө согуп турган жүрөгү.

 

Кайырма:

Кыргыз тили - жүрөгүм,

Манас ата туу туткан.

Кыргыз тили - Мекеним,

Менин өлкөм Кыргызстан!

 

Мекен тилин ыйык тутуп сактайлы,

Мекен тили бак-таалайдын кутманы.

Мекен тили кан жаныбыз, туубуз,

Ата журттун келечеги, ак таңы.

 

Кайырма:

Кыргыз тили - жүрөгүм,

Манас ата туу туткан.

Кыргыз тили - Мекеним,

Менин өлкөм Кыргызстан!