Кыргызча   Русский



КЫРГЫЗ ТИЛИНИН СЫРЛАРЫН БИЛИП АЛГЫЛА!

Суроолуу сүйлөм

   Биз сүйлөп жатканда оюбузду сүйлөмдөр аркылуу билдиребиз.

   Ал сүйлөмдөрдү ар кандай интонация менен айтабыз.

   Ошондуктан кыргыз тилинде айтылышына карай сүйлөмдөр 4кө бөлүнөт.

   Эгерде биз башка адамдарга суроо берүү менен кайрылсак,

анда суроолуу сүйлөм түзүлөт.

   Суроолуу сүйлөмдүн аягына суроо белгиси (?) коюлат.

 



Өзүӊдү текшер!

Сенин атыӊ ким?
Менин атым .
Сен канчанчы класста окуйсуӊ?
Мен окуймун.
Сен күн тартибиӊди түзгөнсүӊбү?
Мен күн тартибин .

Колдонулуучу сөздөр: Асан, 3-класста, түзгөм