Апаларыбыз кийип жүргөн түркүн шайы көйнөктөр курттан алынат деп кимдин оюна келсин. Ал тургай, космонавттарды жерге кондурган парашюттар да жибектен жасалат. Тээ илгери эл аны канаттуу куштардын тыбыт-жүнүнөн алынат деп болжолдошкон. Ал эми кытайлыктарга бул торт миң жыл мурда эле белгилүү болгон.
Жибек — атайын өстүрүлгөн жибек куртунан алынат. Курттун бир өзгөчөлүгү — ал башка курт-кумурскалардай көрүнгөн чөп-чар, өсүмдүктөрдү жей бербейт. Ал бир гана тыт дарагынын жалбырагы менен азыктанат. Жашоо тиричилиги да ошого байланышкан, ансыз жибек бербейт.
Жибек курту тыт көпөлөгүнөн пайда болот. Ал атайын жылуу бөлмөлөрдө багылып, тыт дарагынын жалбырактарын күнү-түнү тынбай шабыратып жей бергендиктен, бат эле барсайып чоңоюп кетет. Демек, ал денесине керектүү азык заттарды камдап алганы. Анын ичегисинин каптал жактарында жибек бөлүп чыгаруучу эки без жайгашкан. Мындан эң майда шүүдүрүм тамчыларындай болгон жибек иштелип чыгат.
К. Жунушев