Кыргызча   Русский



СҮРӨТ БОЮНЧА 5 СҮЙЛӨМДӨН ТУРГАН ТЕКСТ ЖАЗГЫЛА, АНЫ АТАГЫЛА.

ТУУРА ЖАЗГАНГА МАШЫГАБЫЗ!

Жаӊгак токоюнда

Силер Арсланбаптын Дашман деген жерин көрдүӊөр беле?

«Жаңгактын кени Дашманда» деген макал бар.

Арсланбапта жаңгак токоюнун эң калың жери Дашман болуп саналат.

Ал эми жаңгагынын түрүн айтпа.

Санап отурса өтө эле көп.

Аны эртең өз көзүңөр менен көрөсүңөр.
Эртеси Абдылда корукчу меймандарды баштап чыкты.

Жалбырагын жайып, мөмө байлаган жаңгак токою аларды башка дүйнөгө жетелеп кирди.

Ар бир түбү беш-алты кучактан келет экен.

Кээлери теректей түз чыгып, жогорулаган сайын бутактары шак жайып, мөмөлөрү бажыраят.

Учтарын шамал кыймылдатып турат.

Жаңгактар мөмөлөрүн көтөрө албай теңселишет.

 

Өзүңдү текшер!

Жаӊгак токоюнда

    Силер Арсланбаптын Дашман деген жерин көрдүӊөр беле? «Жаңгактын кени Дашманда» деген макал бар. Арсланбапта жаңгак токоюнун эң калың жери Дашман болуп саналат. Ал эми жаңгагынын түрүн айтпа. Санап отурса өтө эле көп. Аны эртең өз көзүңөр менен көрөсүңөр.
   Эртеси Абдылда корукчу меймандарды баштап чыкты. Жалбырагын жайып, мөмө байлаган жаңгак токою аларды башка дүйнөгө жетелеп кирди. Ар бир түбү беш-алты кучактан келет экен. Кээлери теректей түз чыгып, жогорулаган сайын бутактары шак жайып, мөмөлөрү бажыраят. Учтарын шамал кыймылдатып турат. Жаңгактар мөмөлөрүн көтөрө албай теңселишет.