Кыргызча   Русский



ЫРДЫ УГУП, ОКУП ЖАТТАП АЛАЛЫ.

ОБОНУН ҮЙРӨНҮП, ЧОГУУ ЫРДАЙЛЫ.

АППАК КАР

Сөзү Турдубек Чокиев,

обону Саидин Исаковдуку.

 

Эшке чыксам акактап,

Мына, мына апаппак

Кар калыӊ жаап салыптыр.

Карасаӊар кызыктай,

Кара күчүк, мышыктар

Аппак болуп калыптыр.

 

Кайырма:

Тоголондук топтой,

Тоӊобуз деп коркпой.

Чоӊдор тез-тез басышат.

Алар кайда шашышат,

Жыгылабыз дешет го,

Жылгаяктан качышат.

 

Бакчабызда бак аппак,

Балатылар дагы аппак,

Балдар чана теп дешти.

Баары болуп карышкыр,

Коён кылып салыптыр

Кичинесиӊ деп мени.

 

Кайырма:

Тоголондук топтой,

Тоӊобуз деп коркпой.

Чоӊдор тез-тез басышат.

Алар кайда шашышат,

Жыгылабыз дешет го,

Жылгаяктан качышат.

 

Кардан кылсак мамалак,

Кара күчүк кабанаак

Капысынан качырды.

Капталынан жыгылып,

Карга башы тыгылып,

Кайра бизден жашынды.

 

Кайырма:

Тоголондук топтой,

Тоӊобуз деп коркпой.

Чоӊдор тез-тез басышат.

Алар кайда шашышат,

Жыгылабыз дешет го,

Жылгаяктан качышат.