Кыргызча   Русский



СҮРӨТ БОЮНЧА 5 СҮЙЛӨМДӨН ТУРГАН ТЕКСТ ЖАЗГЫЛА, АНЫ АТАГЫЛА.

ТУУРА ЖАЗГАНГА МАШЫГАБЫЗ!

АРЧА

Арча дарагы жашыл түсүн өчүрбөгөнү үчүн өтө кооз көрүнөт.

Аны көргөндө кабак жазылып, көңүл чайыттай ачылат.

Анын ашкере жагымдуу жыты бар.

Табийгатты жашыл түскө бөлөп, деңиз деңгээлинен 3000 метрге чейинки бийиктикте өсөт.

Биздин республикада арчанын беш түрү тараган.

Алардын ичинен көбү — сары арча.

Ал ысык-суукка чыдамдуу келип, кыргыз тоолорунун ортоңку ойдуӊдарынан орун алган.

Кара арча болсо жылуураак келген төмөнкү ойдуңдарында өсөт.

Өрүк арча суукка чыдамдуу келип, тоонун бийик капталдарына байырлаган.

Жапалак арчалар да тоонун көп жеринен орун алган.

 

Өзүңдү текшер!

АРЧА

     Арча дарагы жашыл түсүн өчүрбөгөнү үчүн өтө кооз көрүнөт. Аны көргөндө кабак жазылып, көңүл чайыттай ачылат. Анын ашкере жагымдуу жыты бар. Табийгатты жашыл түскө бөлөп, деңиз деңгээлинен 3000 метрге чейинки бийиктикте өсөт. Биздин республикада арчанын беш түрү тараган. Алардын ичинен көбү — сары арча. Ал ысык-суукка чыдамдуу келип, кыргыз тоолорунун ортоңку ойдуӊдарынан орун алган. Кара арча болсо жылуураак келген төмөнкү ойдуңдарында өсөт. Өрүк арча суукка чыдамдуу келип, тоонун бийик капталдарына байырлаган. Жапалак арчалар да тоонун көп жеринен орун алган.