КЫРГЫЗ ТИЛИНИН СЫРЛАРЫН БИЛИП АЛГЫЛА!
Атооч жөндөмөсү.
Кыргыз тилинде 6 жөндөмө бар. Жөндөмөлөр сүйлөм ичиндеги сөздөрдү туура байланыштырууга жардам берет.
| Жөндөмөлөр | Суроолору | Мүчөсү |
| Атооч |
Ким? Эмне? Кимдер? Эмнелер?
|
Мүчөсү жок. |
| Илик |
Кимдин? Эмненин? Кимдердин? Эмнелердин? |
-нын |
| Барыш |
Кимге? Эмнеге? Кимдерге? Эмнелерге? |
-га |
| Табыш |
Кимди? Эмнени? Кимдерди? Эмнелерди? |
-ны |
| Жатыш |
Кимде? Эмнеде? Кимдерде? Эмнелерде? |
-да |
| Чыгыш |
Кимден? Эмнеден? Кимдерден? Эмнелерден? |
-дан |
Атооч жөндөмөсүндөгү сөздөргө мүчө уланбайт, ким? эмне? кимдер? эмнелер? деген суроолорго жооп берет.
Өзүӊдү текшер!
Атооч - .
Илик - .
Барыш - .
Табыш - .
Жатыш - .
Чыгыш - .
Колдонулуучу сөздөр: апанын, апага, апаны, апада, ападан, апа

