Кыргызча   Русский


2. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


а) Сөз айкаштарын эки тилде окуп өздөштүрөбүз

 

көп улуттуу   многонациональный
өкүлдөрү жашайт живут представители
өнөр жайлуу промышленный
бак-дарактуу засаженный деревьями
кайтарып турушат охраняют
алгачкы кооз имарат первое красивое здание
көрүктүү болуп турат придает красивый вид
Эркиндик саябаны бульвар Эркиндик
сыймыктуу инсандар уважаемые личности
эстеликтери орнотулган расположены памятники

 



б)Сөз айкаштарын туура которобуз




в) Текстти окугула


                          Бишкек– борбор шаарым

      Бишкек шаары – Кыргыз Республикасынын борбору. Бишкек көп улуттун өкүлдөрү жайгашкан шаар. Мында 50дөн ашык улуттун өкүлдөрү жашайт.
      Азыр Бишкек шаары – республикабыздагы эң чоң, өнөр жайлуу шаар. Бишкек кооз, бак-дарактуу, жашыл шаар болуп эсептелет. Эл арасында ушул аймакта Бишкек баатырдын жашагандыгы тууралуу айтылат. Шаар Бишкек баатырдын атынан калгандыгы жөнүндө уламыш кездешет. Кийин шаардын аты Пишпек деп айтылып калган.
      Шаар Пишпек, андан кийин 1926-жылы Фрунзе деп аталган. 1991-жылы өзүнүн тарыхый атын алып, Бишкек аталды.
      Бишкектин башкы аянты – “Ала-Тоо” деп аталат. Ал жерде мамлекеттин белгиси болгон тууну аскерлер кайтарып турушат. Борбордук аянттын жанында Ак үй, Улуттук тарых музейи жайгашкан. Шаардагы алгачкы кооз имараттын бири “Ала-Тоо” кинотеатры тарыхый эстелик катары дагы эле көрктүү болуп турат.
      Эркиндик саябаны – жаштардын сүйүктүү жайы. Ал жерде балдар үчүн да ойной турган аянтчалар курулган.
      Улуттук филармониянын астында Манас баатырдын жана анын акыл кеңешчиси Бакай атанын, Каныкей апанын айкелдери бар. Манасчылардын эстеликтери да ушул жерде.
      Борбор калаага Курманжан датканын, Токтогул Сатылгановдун, Алыкул Осмоновдун, Чыңгыз Айтматовдун, Бүбүсара Бейшеналиеванын жана  кыргыз элинин сыймыктуу инсандарынын эстеликтери орнотулган.
      Шаарыбызда көптөгөн маданий, соода борборлору иштейт.
      Бишкек – жаштардын шаары. Мындагы жогорку окуу жайларында миңдеген жаштар билим алышат. Шаарда 90дон ашык мектеп бар.

 



ж) Төмөнкү маалыматтардын текстте "бар" же "жок" экенин белгилегиле


2. 1991-жылы өзүнүн тарыхый атын алып, Бишкек аталды


3.Бишкектин башкы аянты - "Эркин-Тоо" деп аталат


4. Бишкекте 180ден ашык улуттун өкүлдөрү жашайт


5. Эркиндик саябаны - жаштардын сүйүктүү жайы


6. Бишкек аз улуттуу шаар




г) Сөз айкаштарды туура түзгүлө




д)Сөздөрдүн синонимдерин туура табабыз

шаар –
туу –
эстелик –
кооз –
адам –
жайгашкан –
орнотулган –

Колдонулуучу сөздөр: айкел, калаа, көрктүү, желек, киши, орун алган, тургузулган




е) Сүйлөмдү толуктагыла

Бишкек шаары– Кыргыз Республикасынын .

Бишкек кооз бак-дарактуу, жашыл шаар .

Шаар адегенде Пишпек, андан кийин Фрунзе .

Ал жерде мамлекеттик тууну аскерлер.

Борбордук аянттын жанында Ак үй, Улуттук тарых музейи .

Эркиндик саябаны – жаштардын .

Улуттук филармониянын астында Манас баатырдын .

Мындагы жогорку окуу жайларында миңдеген .

Колдонулуучу сөздөр: кайтарып турушат , борбору , деп аталган , эстелиги орнотулган , сүйүктүү жайы , болуп эсептелет , жайгашкан , жаштар билим алышат