Кыргызча   Русский


4. УГУП ТҮШҮНҮҮ


а) Кыдыр акенин диалогун уккула

     Мергенчилик деген жеке эле мылтыкты таамай атуу эмес, балам. Сен бир нерсени байкабай жатасың? Шумкар менен ителги уялаган жерди көрдүң беле?

- Көрбөй анан, кантип көрбѳйүн – деген Кудагелди шаңдуу үн чыгарды.

- Көрсө, ошол жерге дагы кайсы куштар уя салышат?

- Көгүчкөн, таан сыяктуу бардык эле куштар

- Мына, көрдүңбү, шумкар менен ителги уя салган жерге жырткыч куштар келбейт деп жѳнѳкѳй куштар дагы уя салып катарлаш конушат.

(Адабият чыгармалардагы табият сырлары: Кошумча окуу-методикалык куралы /

Түз. М.Субанова ж.б. «Таалим-Форум», КФ., 2014. 61-бет)

 

б) Диалог боюнча сөздөрдү билип алгыла

мылтык ружьё
таамай атуу меткая стрельба
шумкар кречет (сокол)
уялаган жер место, где гнездятся
шаңдуу үн весёлый голос
таан ворона
жырткыч куштар хищные птицы
көгүчкөн голубь

 

в) Ылакаптардын маанисин түшүнүп алгыла 

Бүркүт карыса, чычканчыл болот.

Беркут состарившись становится мышеловом

 

Шодокондун бүркүтүндөй жутунба.

Не жадничай чрезмерно

 

По преданию беркут Шодокона держал в левой лапе одну лисицу, в правой – другую, в клюве – третью, а глазами зарился на пробегавшую мимо четвертую.

(Кыргызча-орусча сөздүк, К.К.Юдахин, «СЭ» басмасы, – Москва, – 1965.168-бет)



г) Текст боюнча суроо бергиле


1. Мергенчилик деген эмне?


2. Шумкар менен ителги уялаган жерди көрдүң беле?


3. Көрсөң, ошол жерге дагы кайсы куштар уя салышат?


4. Эмне үчүн шумкар, ителги уялаган жерге жырткыч куштар келбейт?