Кыргызча   Русский


3. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


а) Текстти окуп, кыргыз спорту жөнүндө ой бөлүшкүлө

Кыргызстандагы спорт

    Кыргызстанда атактуу спортчулар көп. Алар олимпиаданын чемпиондору: Отто Барч, В.Соколов, Каныбек Осмоналиев, С.Мурсалимов, Александр Мелентьев, Сатымкул Жуманазаров, Татьяна Колпакова, Канат Бегалиев, Руслан Түмөнбаев ж.б.
  Кыргызстандын спортчулары 1948-жылы биринчи жолу эл аралык аренага чыгышкан.

   1980-жылы Москвада ѳткѳн  XXII Олимпиада оюндарында Александр Мелентьев пистолет атуу боюнча 33 спортчунун арасынан дүйнөлүк рекордго 581 упай менен жетишип, алтын медалга ээ болгон.
   Оор атлетика боюнча дүйнөнүн 3 жолку чемпиону жана алтын медалдын ээси Каныбек Осмоналиев мындай дейт: «Менин жеңишим – кыргыз элимдин жеңиши. Жеңиштерге ээ болгондугум үчүн сыймыктанам, себеби элимдин тилегин актай алдым». 
  Татьяна Колпакова 706 см. узундукка секирсе, бийиктикке секирүү боюнча М.Сысоева 5 орунга чыкты. Сатымкул Жуманазаров марафондук жүгүрүүдө да медалга ээ болгон. 

 



б) Текст боюнча суроо-жооп


1. Кыргызстандын спортчулары качан эл аралык аренага чыгышкан?


2. 1980-жылы Москвада канчанчы Олимпиадалык оюн ѳткѳрүлдү?


3. Пистолет атуу боюнча кайсы спортчу алтын медалга ээ болду?


4. Оор атлетика боюнча дүйнѳнүн 3 жолку чемпиону ким?


5. Ким бийиктикке секирүү боюнча 5 орунга чыккан?




в) Диалогду ролдоштуруп окугула


- Кайсы белгилүү спортчуларды билесиң?
- Дүйнөлүк мелдештерге катышкан спортчуларданбы? 
- Ооба.
- Каныбек Осмоналиев, Сатымкул Жуманазаров жана Назаров.
- Туура айтасың, алар биз сыймыктанган спортчулар.
-  Сууга сүзүү боюнча кайсы спортчу олимпиадалык оюнга катышкан?
 - Мурсалимов.
- Сен адашып жатасың, Мурсалимов ат спорту боюнча катышкан. А сууда сүзүү боюнча Анарбаев эмеспи.
- Сен бул маалыматтарды кайдан билесиң?
- Мен күнүгө спорт жаңылыктарын угам.
- А теннис боюнча бизде кимдер чемпион болду эле?
- Билбейт экенмин. Кел, Уландан сурайлы.