Кыргызча   Русский


2. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


а) Сөздөрдү эки тилде окуп, өздөштүргүлө
 

мүмкүнчүлүгү болсо по возможности 
курмандык чалуу жертвоприношение
ошентип и так 
бир төөнү одного верблюда
уйду корову
сыйынышкан молились 
касиеттүү   священный 
жардам сурашкан просили помощи
жамгырды тилешкен просили дождя
өтүнүчүн кабыл тутуп приняв просьбу
жаачу экен шел дождь
көгөрткөн   зеленел
кампа данга толгон амбары были переполнены зерном
курсагы тойгон были сыты
намазга жыгылышып совершив молитвы
күнөөлөрүнөн арылуу үчүн для искупления грехов
битир, садага милостыни
айтылат рассказывается

                



б) Сѳз сөз айкаштарын которуп, эсиңерге туткула.




в) Текстти окуп, мазмунун айтып бергиле


                         Курман айт

  Курман айт орозо айттан кийин болот. Курман айтта ар бир үй мүмкүнчүлүгүнө жараша курмандык чалышы керек. Адатта, 7 киши бир төөнү, 3 киши бир уйду, жеке адам бир койду курмандыкка чалган. Адамдар Алла Таалага сыйынышып, тынчтыкты, токчулукту, жамгырды,  тилешкен. 
      Алла Таала  адамдардын  өтүнүчүн кабыл тутуп, жамгыр жаачу экен. Жамгырдан  жер көгөрүп, кампа данга толгон. Элдин курсагы, пейили толгон. Айт күнү эл мечитке барышат, намазга жыгылышып, куран окушат. Күнөөлөрүнөн арылуу үчүн битир, садага беришет.  
     Курман айттын биринчи күнүндө ат чабыш, кыз куумай улуттук оюндары өткөрүлгөн. Орозо айтта жана Курман айтта жарамазан айтылып келет.

 



г) Текст боюнча суроолорго жооп бергиле


1. Курман айт качан майрамдалат?


2. Курман айтта эмнелерди курмандыкка чалган?


3. Алла Тааладан эмнени тилешкен?


4. Айт күнү мечитке барып эмне кылышкан?


5. Адамдар күнѳѳлѳрүнѳн арылуу үчүн эмне беришкен?


6. Курман айттын биринчи күнүндѳ кайсы улуттук оюндар ѳткѳрүлгѳн?




д) Текстти толуктап окугула

Айт күнү эл мечитке барышат, . Күнѳѳлѳрүнѳн арылуу үчүн беришет. Курман айттын биринчи күнүндѳ ѳткѳрүлгѳн. жана жарамазан айтылат.

Колдонулуучу сөздөр: Орозо айтта, Курман айтта, битир, садага , ат чабыш, кыз куумай улуттук оюндары , намазга жыгылышып, куран окушат