Кыргызча   Русский


3. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


а) Сөз айкаштарын эки тилде окуп маанисин түшүнүп алгыла

табият сырлары тайны природы
бир уруу элди целое племя
кийиктин эти мясо горного козла
элди багуу содержать народ
аңчылык кылган охотился
тоо текелерди горных козлов
эчкилердин тукумун потомство козлов
кырып жок кылган уничтожал
жандуу жаратылыш живая природа
жансыз жаратылыш неживая природа
аяр мамиле бережное отношение
эскертип жатат напоминают
Кожожаштын сөөгү останки Кожожаша
асылып калган повис
аёсуз мамилеси беспощадное отношение

 



б) Которгула эсиңерге туткула




в) “Кожожаш” эпосу жөнүндө уккула


      Кожожаш бир уруу элди кийиктин эти менен баккан. Элди багуу максатында аңчылык кылган. Ал мергенчиликке абдан берилип, тоо текелерин, эчкилерин ыгы жок кырыптыр. Бул эпос  аркылуу ата-бабаларыбыз адамдар  жандуу жана жансыз жаратылышка аяр мамиле кылуу керек экендигин  эскертип жатат.

     Эпосто айтылгандай, Кожожаштын сөөгү алынбай, аскада асылып калган. Муну адам баласынын табиятка болгон аёосуз мамилеси үчүн берген жообу катары караса болот.

 

г) Сурэчкинин айтып турганы:

«Далайдан бери Кожожаш
Тартпадың менден чеңгелди.
Мерген болбой куруп кал
Ушу аскадан түшпөй туруп кал!»

Кожожаш калды түшө албай,
Айланасы аска тоо,
Айласыз таштын чегинде.



д) Текст боюнча суроого жооп бергиле.


1. Эмне үчүн Суречки Кожожашка жамандык жасап, кектеп жатат?


2. Кожожаш кандай максат менен Кайберендерге аңчылык кылган?


Жаратылышка туура эмес мамиле кылуунун натыйжасында эмнелер болот?




е) Сүйлөмдөрдү толуктагыла

1. Кожожаш бир уруу элди

2. Элди багуу үчүн

3. Ал тоо текелердин, эчкилердин

4. Эпос аркылуу жаратылышка аяр мамиле жасоо .

5. Кожожаштын сөөгү алынбай,

6. Муну табияттын адам баласынан

7. Табиятка жамандык кылуу

Колдонулуучу сөздөр: аракет кылган , аскада асылып калган , өзүңө жамандык кылуу , керек экендигин билдик , тукумун кырып жок кылган , өч алуусу десек болот , кийиктин эти менен баккан.