Кыргызча   Русский


2. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


а) Текстти окугула, үй-бүлөңөр жөнүндө аңгемелеп бергиле

                     

                                    Менин  туугандарым 


      Менин атым – Улан. Мен 15 жаштамын. Азыр мен 13-лицей мектебинде окуймун. Биздин үй-бүлө чоң жана ынтымактуу. Биз Бишкек шаарында Жибек-Жолу көчөсүндө турабыз. Биздин үй-бүлөдө жети киши бар: атам, апам, эжем, агам, карындашым, иним жана мен.
      Атамдын аты – Жеңишбек, ал узун бойлуу, акылдуу.  “Аман” банкта юрист болуп иштейт. Апам орто бойлуу, мүнөзү шайыр. Ал китепканада китепканачы. Агам толук жана эмгекчил адам. Ал достору менен бат эле тил табышып алат. Эжем болсо, жайдары мүнөз, кичине бойлуу. Ал “Аксакалдар чайханасында” ашпозчу болуп иштейт. Карындашым да мен окуган мектепте 2-класста окуйт. Өзү мактанчаак, арык бирок элпек кыз. Иним бала бакчага барат. Ал жомоктогу чыпалак балага окшоп, бою бир карыш, бирок өжөр. 
      Чоң атам сабырдуу адам, жашы 65 ке келди. Чоң энем экөө эс алууда. Алар мээримдүү адамдар. Таенем жана таятам биздикине конокко келип турушат. Таенем врач, толугунан келген эмгекчил адам. Таятам болсо кайраттуу, бою узун. Эжем, жездемдер жоомарт кишилер. Мен бир туугандарым жана туугандарым менен дайыма сыймыктанамын.