Кыргызча   Русский


2. УГУП ТҮШҮНҮҮ


а) Текстти угуп, мазмунун бири-бириңерге аңгемелеп бергиле

Олимпиадалык оюндардын тарыхынан

   Олимпиадалык оюндар байыркы Грециянын Олимп тоосунун этегинде өткөрүлгөн. Спорттук мелдештер гректердин Зевс кудайынын урматына арналып, беш күнгө созулган. Мелдештерге спортчулар он ай бою даярданышкан. Бул мезгилде согуштар убактылуу токтотулган. Жеңүүчүлөргө олив жыгачынын жалбырагынан жасалган гүлчамбар тапшырылган.
   Алгачкы олимпиадалык оюндар 1896-жылы Афинада өткөрүлгөн. 1952-жылы спортсмендер биринчи жолу олимпиадалык оюндарга катышышкан. 1980-жылы олимпиадалык оюндар Москва шаарында өткөрүлгөн. Ал күндөрү стадиондо олимпиаданын түбөлүк өчпөс оту күйүп, ак желек желбиреген. Бул беш түстөгү алкак тартылган ак желек жер шарындагы беш континенттин олимпиадалык кыймылынын биримдигин билдирет.

 

б) Сѳз айкаштарын өздөштүрүп алгыла 

оюндардын тарыхынан из истории игр
Зевс кудайынын урматына в честь бога Зевса
согуштар убактылуу токтотулган временно войны прекращались
олив жыгачынын жалбырагынан листья оливкового дерева
түбөлүк өчпөс оту вечный огонь
беш түстөгү алкак тартылган ак желек белый флаг с изображением пяти цветов континентов
олимпиадалык кыймылынын биримдиги единство олимпийского движения
гүлчамбар тапшырылган вручался венок


в) Сѳз айкаштарын которгула




г) Текстти окуп орусча текст менен салыштыргыла


Алмаз: Ты любишь спорт, Аман?
Аман: Да, люблю. Я играю в волейбол, баскетбол и в футбол.
Улан: А какой твой любимый вид спорта?
Аман: Футбол.
Жибек: А что ты делаешь в свободное время, Улан
Улан:  Я играю в шахматы.
Жибек: А ты с кем играешь в шахматы?
Улан: С другом Жантаем. А дома играю с папой и с братом.
Аман: Сегодня я играл в шахматы с Уланом.
Алмаз: А кто выиграл?
Аман: Улан меня выиграл 3:0(три – ноль)
Жибек: Молодец, Улан.
Улан: А ты каким спортом занимаешься? 
Жибек: Я занимаюсь плаванием.
Улан: А, мы теперь тебя каждый день будем видеть на школьном бассейне? 
Жибек: Нет, я хожу на тренировку в «Карвен клуб»….

 

Полилогду ролдоштуруп окугула, уланткыла

Алмаз: Аман, сен спортту жакшы кѳрѳсүңбү?
Аман: Ооба, жакшы кѳрѳм. Азыр волейбол, баскетбол жана футбол ойноймун.
Улан: Сенин жакшы кѳргѳн спортуң кайсы?
Аман: Футбол.
Жибек: Улан, сен бош убактыңда эмне кыласың?
Улан: Мен шахмат ойнойм.
Жибек: Шахматты ким менен ойнойсуң?
Улан: Досум Жантай менен. Үйдѳ болсо, атам менен ойнойм.
Аман: Бүгүн мен Улан менен шахмат ойнодум.
Алмаз: Ким утту?
Аман: Мени 3:0(үч – нѳл) менен Улан утуп алды.
Жибек: Азаматсың, Улан.
Улан: Сен кайсы спорт менен машыгасың?
Жибек: Мен сууга сүзүү менен машыгам. 
Улан: Сени анда күндѳ мектептин бассейнинен кѳрѳт турбайбызбы?
Жибек: Жок, мен машыгууга «Карвен клубга» барам…
……………………………………………….