Кыргызча   Русский


3. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


а) Текстти окуп, досторуңарга айтып бергиле

Гапар Айтиев (1912-1984)

   Белгилүү туңгуч кыргыз сүрөтчүсү, кыргыздын улуттук сүрөт өнөрүнүн негиздөөчүсү Гапар Айтиев 1912-жылы 15-сентябрда Ош облусуна караштуу Төлөйкан кыштагында туулган. 
   Ал 1932-жылы Бишкектеги (Фрунзе) агартуу институтун бүтүргөн. Эмгек жолун Жалал-Абад  техникумунда мугалимдик кесиптен баштаган. 
    Гапар Айтиев 1935–1938-жылдары Москвадагы «1905-жылдын  эстелиги» сүрөт окуу жайынан окуган.  Ал чыгармачылык ишин театрдын сахнасын жасалгалоодон баштаган. 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз адабияты менен искусствосунун декадасында «Алтын кыз» музыкалуу драмасын жасалгалаган. Чыгармачылык жеңиши үчүн «Ардак белгиси» орденине татыктуу болгон. 
   1960-жылдары «Чабандар», «Ысык-Көл кыргыз деңизи» аттуу чыгармалары үчүн Токтогул сыйлыгынын лауреаты болду. 
     Гапар Айтиев – чебер портретчи да болгон.  Өтө  жогорку чеберчиликте тартылган ырчы М.Баетов менен комузчу, акын Ч.Иманкуловдун жана элдик уз Бекбоевдин живописттик портреттери бар.  Сүрөтчү Ж.Кожокматов менен биргелешип тарткан «Акындар» аттуу группалык портрети жогорку чеберчилик менен тартылган. 
  Андан сырткары «Жылкычы», «Токтогул», «Саякбай» скульптуралык портреттери да көрүүчүлөргө белгилүү. 
  Гапар Айтиевдин эң мыкты чыгармалары мамлекеттик сүрөт жана Третьяков галереясынын сүрөт көргөзмөлөрүнө коюлган. 
   Таланттуу сүрөтчү Ленин, Октябрь революциясы ордени, эки жолку «Эмгек Кызыл Туу», «Ардак белгиси» ордендери менен сыйланган. 
     Ал 1994-жылы дүйнөдөн кайткан. 

 

 

б) Сөз айкаштарынын эки тилде өздөштүргүлө

туңгуч сүрөтчү первый художник
сүрөт өнөрүнүн негиздөөчүсү основатель  изобразительного искусства
агартуу институту институт просвещения
«1905-жылдын эстелиги» «памятник 1905 года»
жасалгалоодон башталган начал с оформления
чыгармачылык жеңиши үчүн за творческую  победу 
Токтогул сыйлыгынын лауреаты үчүн лауреат премии им. Т.Сатылганова
«Ардак белгиси» ордени орден «Знак почета»

 



в) Сѳз айкаштарын туура которуп, эсиңерге сактагыла.




г) Сүйлѳмдү толуктагыла

1. белгилүү туңгуч сүрѳтчү.
2. кыргыздын улуттук
3. Гапар Айтиев Ош облусуна караштуу
4. Ал 1932-жылы Бишкектеги
5 Жалал-Абад техникумунда
6. Гапар Айтиев 1935–1938-жылдары сүрѳт оуу жайынан окуган.
7. Ал чыгармачылык ишин баштаган.
8. Ал жасалгалаган.
9. Чыгармачылык жеңиши үчүн татыктуу болгон.
10. 1960-жылдары аттуу чыгармалары лауреаты болгон.

Колдонулуучу сөздөр: сүрѳт ѳнѳрүнүн негиздѳѳчүсү, Тѳлѳйкан кыштагында туулган, театрдын сахнасын жасалгалоодон, Гапар Айтиев, Москвадагы «1905-жылдын эстелиги», Ал , агартуу институтун бүтүргѳн, 1912-жылы 15-сентябрда, «Ардак белгиси» орденине, «Чабандар», «Ысык- Кѳл кыргыз деңизи», үчүн Токтогул сыйлыгынын, мугалимдик кесиптен баштаган, . Эмгек жолун, «Алтын кыз» музыкалуу драмасын




д) Диалогду окуп, уланткыла.


 

- Сен шаарыбыздагы кайсы кооз имараттарды билесиң?
- Алар Тарых музейи, Кыргыз Мамлекеттик көркөм-сүрөт музейи, Кыргыз опера жана балет театры, Улуттук филармония.
- Ооба, аларды таланттуу архитекторлор курушкан. Сен аларды билесиңби?
- Албетте, билем. Опера жана балет театры А.Лабуренконун долбоору боюнча курулган.
- А сүрөт-өнөр музейичи?
- Музейди архитекторлор Д.Ырыскулов, В.Назаров, Ш.Жекшенбаевдин долбоору боюнча, инженер А.Юсуповдун жетекчилиги астында курулган.
- Ал эми «Манас» композициясынын автору ким?
-  «Манас» композициясынын авторлору: Т.Садыков жана А. Печонкин деген скульпторлор.
- А тиги эстеликтер кимдики?
- …………………………………….