Кыргызча   Русский


3. УГУП ТҮШҮНҮҮ


 а) Уламышты уккула. Ой бөлүшкүлө

   Илгери бир жолоочу жол жүрүп бараткан экен. Жол азыкка буудай түйүп алыптыр. Жолоочу бир топ жүргөндөн кийин эс алып, даам сызыптыр. Ошондо колунан буудайдын бир даны жерге түшүп кетет. Күүгүм киргиче издеп, таппай коюптур. Айласы кетип, ошол жерге таягын сайып кеткен экен.
    Келерки жылы дагы ошол жол менен чарчап келе жатып, баягы таягы сайылган жерден бир баш буудай өсүп, бышып калганын көрөт. Аны акырын үбөлөп, тазалап жеп, кубат алып, жолуна түшөт. 
   Элибиздин меймандостук салтында,  ар бир үйгө кирсең, “Нан ооз тий”, “Нан – улук, нандан ал” – дешет. Ооба, нан улук! Эң өкүнүчтүүсү али да болсо нандын кадырына жетпей, кордогондор да бар. 

 

б) Сөз айкаштарын эки тилде окуп, өздөштүргүлө.

бир жолоочу путник
жол азык еда приготовленная в дорогу
даам сызыптыр поел
бир даны одно зернышко
күүгүм киргенче до вечера 
таягын сайып воткнув посох
таппай коюптур не нашел
келерки жылы на следующий год
чарчап келе жатып устав с дороги
бир баш буудай один колосок пщеницы
тазалап жеп съел, очистив
кубат алып получив силу
нан ооз тий отведай хлеба
нан – улук хлеб всему голова
эң өкүнүчтүүсү к большому сожалению
нандын кадыры ценность хлеба 
кордогондор пренебрегающие


в) Өздөштүргөн сөз айкаштарын туура которуп, эсиңерге туткула.