Кыргызча   Русский


7. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


а) Текстти окуп, бири-бириңерге аңгемелеп бергиле

                              Манастын күмбөзү
   Манастын күмбөзү – Талас облусунун Таш-Арык айылында, Кең-Кол суусуна жакын жайгашкан тарыхый-архитектуралык эстелик. Күмбөздүн жанында Манастын «Кароол дөбөсү» бар. Күмбөздүн алдыңкы бети оймо-чиймелер менен кооздолгон. 
    Эл ичинде  айтылып  келе жаткан уламыштар боюнча күмбөз Манаска арналып, Каныкей тарабынан тургузулган.
    Күмбөздү тургузуу үчүн Каныкей Бадахшандан, Бухарадан, Самаркандан жана Кашкардан усталарды алдырган. Кышты атайын өзгөчө сапаттагы топуракка эчкинин, уйдун, жүнүн коштуруп, койдун майына кайнаттырып жасаткан деп айтылат. 
   Бул күмбөз окумуштуулардын арасында көп кызыгууларды жараткан. Алардын изилдөөсү боюнча бул кыздын күмбөзү болуп чыгат. Бирок, эл ичинде Манастын күмбөзү аталып калган. 
    1968-жылы күмбөз толугу менен калыбына келтирилген. «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына карата 1993 – 1994-ж.ж. кайрадан оңдолгон. 
       Манастын күмбөзүнүн сүрөтү почта маркаларына жана Кыргызстандын улуттук валютасы сомго түшүрүлгөн.

(Б. Деркембаева, Н. Черикова, Р. Жумалиева, “Тилим – менин дилим.” БГУ, - Бишкек, 2010-ж.) 


 

 

б) Сөздөрдүн маанисин билип алгыла

оймо-чийме орнамент
уламыштар легенды
усталар плотники, мастера
сапат качество
топурак глина
жүн шерсть


в) Сѳз айкаштарын туура которуп, эсиңерге сактагыла.




г) Текст боюнча суроолорго жооп бергиле


1. Манастын күмбѳзү кайда жайгашкан?


2. Күмбөздүн алдыңкы бети эмне менен кооздолгон?


3. Уламыш боюнча күмбѳз ким тарабынан тургузулган?


4. Күмбөздүн кышына эмне кошуп жасаткан?


5. Канчанчы жылы күмбѳз калыбына келтирилген?




д) Диалогду ролдоштуруп окугула, которгула


- Алмаз, мен Манастын күмбөзүн көргүм келип жүрѳт. Кантип барып келсек болот?
- Досум, анын кыйынчылыгы деле жок. Манастын күмбөзү Кең-Кол суусунун боюнда жайгашкан. Билесиң да?
- Ооба, аны билем. Качан баралы?
- Көпкө созбой, ушул ишембиде барып келели.
- Анда сүйлөштүк.