Кыргызча   Русский


2. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


а) Текстти окугула, ага ат койгула.

 

   Тоодо жашоочу жапайы айбанаттар: арстан, жолборс, аюу, карышкыр, илбирс ж.б. Илбирс – ѳтѳ күчтүү жана шамдагай келген сымбаттуу жырткыч. Кулагы кичине, тырмагы курч, буту кыска. Илбирс Кыргызстандын ак карлуу бийик тоолорунда жашайт. Ал тоо эчки, аркар, элик, доңуз сыяктуу айбанаттар менен азыктанат. Биз аларга кам кѳрүшүбүз керек. 
                                                             (К.Э)

 



б) Текст боюнча суроолорго жооп бергиле.


1. Тоодо жашоочу жапайы айбанаттар кайсылар?


2. Илбирс кандай жырткыч?


3. Илбирс кайда жашайт?


4. Ал эмне менен азыктанат?


5. Биз аларга эмне кылышыбыз керек?




в) Текстти окуп, которгула.

(Барс) – ѳтѳ күчтүү жана (ловкий) жырткыч. Кулагы кичине, (острые когти), буту кыска.
( Барс) Кыргызстандын (снежных вершинах гор) жашайт . Ал тоо эчки, аркар, (кабан) сыяктуу айбанаттар менен (питается) .
Биз аларга (должны беречь) .

Колдонулуучу сөздөр: доңуз, илбирс, тырмагы курч, кам кѳрүшүбүз керек, азыктанат, шамдагай, ак карлуу бийик тоолорунда, илбирс