Кыргызча   Русский


4. ЛЕКСИКА-ГРАММАТИКАЛЫК МАТЕРИАЛДАРДЫ ӨЗДӨШТҮРҮҮ


 

Жөнөкөй этиштер Татаал этиштер

чурка – беги 

көр – смотри

бер – дай 
чык –выходи 

оку,иште,жаз,ойно,бийле,ырда

чуркап бара жатат – бежит

жакшы көрөт – любит 

жардам берет – помогает кирип

чыгат – заходит (на время) 

окуп жатат, иштеп жүрөт, жазып отурат,

ойноп жүрөт, билип койду, ырдап жатат.

 



а) Уламыштагы жөнөкөй, татаал этиш сөздөрдү аныктагыла.


1. Илгери бир жолоочу жол жүрүп бараткан экен.


2. Жол азыкка буудай түйүп алыптыр.


3. Жолоочу бир топ жүргөндөн кийин эс алып, даам сызыптыр.


4. Ошондо колунан буудайдын бир даны жерге түшүп кетет.




б) Сүйлөмдөгү этиш сөздөрдү тапкыла.


1. Күүгүм киргиче издеп таппай коюптур.


2. Айласы кетип, ошол жерге таягын сайып кеткен экен.


3. Аны акырын үбөлөп, тазалап жеп, кубат алып, жолуна түшөт.