Кыргызча   Русский


11. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


а) Текстти окуп, билип алгыла                              

   Ак кайың

     Ак кайың жогору жакты карай бутактап өсүүчү, шактуу, сымбаттуу дарак. Ачык жерде кайың жалгыздап өсөт. Бирок көп учурда токойго айланат. Апрелдин акыркы же майдын алгачкы күндөрүндө жаңгак менен талдан кийин гүлдѳйт. Анын гүлү жупуну, «чачы гүл» деп аталат. Ал эми ак кайыңдын жалбырагынын  саргая баштаганы демек, күздүн – сентябрдын келгени.
     Ак кайыңдын уругу шамал менен тарайт. Ал тез өсөт. Чейрек кылымда, өзгөчө ным  жерде, ал беш кабат үйдөй узарат. Жайында кыртыштан суткасына 40 чакадай ным соруп алат. Ак кайың – керектүү дарак. Бүчүрүнөн дары, шагынан шыпыргы жасалат. Кагаздай жука кабыгынан чеберлер мөмө-жемиш чогултуу үчүн чабыра жана себет токушат.

     Ак кайың таптуу отун. Сөңгөгүнөн фанера, эмерек жасалат. Жыгач спирти алынат. Карелия, Белорусия, Латвия, Скандинавия өлкөлөрүндө сөңгөгүнүн түбү жоон, катуу кайыңдар өсөт. Ага балта да өтпөйт. Ал «Карелия ак кайыңы» деп аталат. Андан кооз эмерек буюмдар, сандыкчалар жасалат. Карелия ак кайыңы сейрек учурайт. Ошондуктан аны көбөйтүүгө аракет жасалууда.

«Тил жана маданият» гезити №13, 11.09.13-ж.

 

 

б) Алыкул Осмоновдун «Ак кайың» жөнүндө жазган ырын ырдап жүрөлү

«Ак кайың» ырын уктуруу



в) Ырдын текстин ѳздѳштүрүп алгыла.

Жарашыктуу жаштайың,
Жадыраган
Жаш күнүмдѳн тең ѳскѳн,
Жакшынакай


Тамашалуу
Жадыраган жаз сайын.
Тай күнүмдѳн ,
Татынакай ак кайың.


Мен ѳзгѳрдүм, сен кѳрдүң,
Мен да кѳрдүм .
Жаштыгымды кайра бер,
Сурабайм андан


Бутагыңа коноюн,
Кыштын жолун .
Жаштыгымды менден ал,
Аккан сууң

Колдонулуучу сөздөр: тороюн (здесь: уберегу от холода), болоюн (буду), ак кайың (белая береза), ѳлѳгүн (другого), ѳнгѳнүн (растущую), жаз сайын ,(с каждой весной), жаштайың (твоя молодость), тең ѳскѳн (рос вместе)