Кыргызча   Русский


1. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


а) Текстти окуп, спорттун мааниси жөнүндө аңгемелеп бергиле

             Спорт – бул тынчтыктын тиреги
       Спорт – адам баласынын ден соолугунун булагы. Ал ден соолукту чыңдайт. Спорт – тынчтыктын тиреги. Азыр эл аралык, жолдоштук мамилелер спорт аркылуу өсүүдө. Спорттук мелдештердин максаты тынчтыкта жана достук мамиледе жашоо.
       Бүткүл дүйнөнүн элдери спортко чоң маани беришет. Спорт менен машыккан адамдар күчтүү, дени сак, шамдагай, кайраттуу болушат. Спорт адамдын кулк-мүнөзүнө пайдалуу таасирин тийгизет. Дайыма дене-тарбиялык көнүгүүлөрдү жасабай, спорт менен машыкпай, ден соолукту чыңдоо мүмкүн эмес. Кыргызстанда спорт жана дене тарбияга жакшы көңүл бурулат. Республикабызда спорт жана дене тарбия институту, атайын балдар спорт мектептери, спорт мектеп-интернаттары бар. Чебер машыктыргычтардын жетекчилиги астында жеңил атлетика, оор атлетика, теннис, футбол, волейбол, баскетбол, сууга сүзүү, бокс, күрөш, хоккей, велоспорт ж.б. спорттун түрлөрү боюнча машыгуулар өткөрүлөт.



б) Текст боюнча суроолорго жооп бергиле.


1. Ден соолукту эмнелер чыңдайт?


2. Тынчтыктын тиреги эмне?


3. Спорт аркылуу кандай мамилелер ѳсүүдѳ?


4. Спорт менен машыккан адамдар кандай болушат?


5. Спорттун түрлөрү кайсылар?




в) Сөз айкаштарын билип алгыла


ден соолуктун булагы источник здоровья
дүйнөлүк мелдештер всемирные соревнования
бүткүл дүйнө элдери народы всего мира
машыккан адамдар     тренирующиеся люди