Кыргызча   Русский


4. УГУП ТҮШҮНҮҮ


а) Диалогду уккула, ролдоштуруп сүйлөшкүлө

 

- Каникулду кандай өткөрдүң?
- Абдан жакшы.
-Сенчи?
-Мен дагы. Каникулда Алматыга бардым. Абдан көңүлдүү болду.
- Алматы кандай шаар экен?
- Оо, абдан кооз, чоң шаар экен. Бирок, Бишкек – менин туулуп-өскөн шаарым, мен аны башка шаарга алмаштырбайм.
- Чын эле, Бишкек чакан, бирок жашыл шаар! Мага да жагат.


б)Диалогдогу бош жерлерди толуктагыла

- кандай өткөрдүң?

- Абдан.

-Сенчи?

- Мен . Каникулда бардым. көңүлдүү болду.

- Алматы кандай шаар экен?

- Оо, абдан кооз, экен. Бирок, Бишкек – менин шаарым, мен аны башка шаарга .

- Чын эле, Бишкек , бирок жашыл шаар! Мага да жагат.

Колдонулуучу сөздөр: дагы, чакан, чоң шаар, Абдан, жакшы, Каникулду, алмаштырбайм, туулуп-өскөн, Алматыга