Кыргызча   Русский


2. ЛЕКСИКА-ГРАММАТИКАЛЫК МАТЕРИАЛДАРДЫ ӨЗДӨШТҮРҮҮ


Өткөн чактагы жөнөкөй жана татаал этиштер

  Жөнөкөй этиштердин өткөн чагы – ды, - ган, - ыптыр, - чу мүчөлөрү менен жасалат. Бул этиштер жак жана сан боюнча өзгөртөт.

Өткөн чактагы татаал этиштер чакчыл – ып, (- ип, - уп, -үп), -й, -а,  (-е, -о, ө) жана жөнөкөй өткөн чакты уюштуруучу – ды, - ган, - ыптыр, - чу мүчөлөрү аркылуу жасалат.

Жекелик сан

Жекелик сан

  • Мен окудум, окуганмын
  • Сен окудуң, окугансың
  • Сиз окудуңуз, окугансыз
  • Ал окуду, окуган

 

  • Мен окуптурмун, окучумун
  •   Сен окуптурсуң, окучусуң
  •   Сиз окуптурсуз, окучусуз
  •   Ал окуптур, окучу 
  •    Мен окуп бүттүм
  •    Сен окуп бүттүң
  •    Сиз окуп бүттүңүз
  •    Ал окуп бүттү

 

  •  Мен окуй баштадым
  •   Сен окуй баштадың
  •   Сиз окуй баштадыңыз
  •   Ал окуй баштады

Көптүк сан

Көптүк сан

  • Биз окудук, окуганбыз
  •   Силер окудуңар, окугансыңар
  •   Сиздер окудуңуздар, окугансыздар
  •   Алар окушту, окушкан

 

  • Биз окуптурбуз, окучубуз
  •   Силер окуптурсуңар, окучусуңар
  •   Сиздер окуптурсуздар, окучусуздар
  •   Алар окушуптур, окушчу
  • Биз окуп бүттүк
  •   Силер окуп бүттүңөр
  •   Сиздер окуп бүттүңүздөр
  •   Алар окуп бүтүштү

 

  • Биз окуй баштадык
  •   Силер окуй баштадыңар
  •   Сиздер окуй баштадыңыздар
  •   Алар окуй башташты

 

 

а) Таблицаны  толтургула                      

 Өткөн чактагы жөнөкөй этиштин  - ган мүчөсүн улагыла

Өткөн чактагы татаал этиштин

- ып +сал, - ды мүчөсүн улагыла

бөрүнү ат ……

бөлтүрүгүн ыйлат ……

түлкүнү ат ……

бачикилерди ыйлат ……

аюуну ат ……

мамалагын ыйлат ……

бөрүнү ат ……

бөлтүрүгүн ыйлат ……

түлкүнү ат ……

бачикилерин ыйлат ……

аюуну ат ……

мамалагын ыйлат ……

Колдонуучу мүчөлөр: (- ган)

                                ( - кан)

Колдонуучу мүчөлөр:

    ( - ып + сал + ган)

    ( - п + сал + кан) 

1.Примечание: При образовании сложных глаголов, обозначающих охоту, к основному глаголу добавляются глагол (сал-)

2. Например: Түлкүнү атып салды. Бачикини ыйлатып салды.



б) Сүйлөмдөрдөгү этиштерге өткөн чактын мүчөсүн улагыла


1. Илгери-илгери Тумаш аттуу мерген жаша…


2. Ал тоо арасында мергенчилик кыл … экен


3. Аюну атып, мамалагын ыйлат … экен


4. Тумаш мерген өз баласын атып ал …