Кыргызча   Русский


12. ОЮН


Табышмак оюну.



Билесиңби, сен албетте, билесиң.

Билесиңби?
Сен албетте, билесиң!
Кантип айтат жылкынын «үй бүлѳсүн»?

Билесиңби?
Сен албетте, билесиң!
Не дечү эле, мактай берсе ким ѳзүн?

Билесиңби?
Сен албетте, билесиң!
Жер жумшартып, жазында эмне тигесиң?

Билесиңби?
Сен албетте, билесиң!
Кантип айтат жемиштердин сүрѳтүн?


Билесиңби?
Сен албетте, билесиң!
Малчы болсоң кышында эмне киесиң?

Билесиңби?
Сен албетте, билесиң!
Кандай сѳздү угуп алып күлѳсүң?

Билесиңби?
Сен албетте, билесиң!
Кантип айтат тентек аттын мүнѳзүн?

Токтосун Самудинов

Колдонулуучу сөздөр: ( чалпоо), (үйүр), (натюрморт), (куудул), (кѳчѳт), (кѳйрѳң), (ичик)