Кыргызча   Русский


5. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


а) Текстти окуп, аңгемелеп бергиле

Тоо чабалекейи

     Тоо чабалекейинин чоңдугу таранчыдай бар.  Ал анча  чоң эмес, боору каралжын түстөгү чабалекей. Алар эки-экиден же топ-тобу менен жашашат. Учканы жайыраак. Канаттары узун келип, куйругунун учундагы тилиги анча чоң эмес. Жалпы түсү күрөң,  денесинин боору каралжын болот. Коңур чыккан үнү бар. Башка  чабалекейлерден айырмасы аскалуу капчыгайларда жашайт. 

(«Канаттуулар – Борбордук жана ички Тяньшандын экосистемаларынын абалынын индикаторлору. Методикалык  кѳрсѳтмѳ. Шукуров Э.Дж., Шукуров Э.Э., Жусупбаева А.А., «Алейне» Кыргызстандын экологиялык кыймылы. Б.,2010, 56-74- беттер)


 

б) Сөз айкаштарын маанисин түшүнүп, билип алгыла

чоңдугу таранчыдай величиной как воробей
боору каралжын  грудь черноватая
куйругунун учундагы тилиги хвост раздвоенный на конце
жалпы түсү вид 
коңур үнү  издает приятные звуки
аскалуу капчыгайларда     на скалистом ущелье

 



в) Которгула, эсиңерге туткула.




г) Ырды кѳркѳм окуп, жаттап алгыла


     Куштар кетти

Чабалекей жакшы эле,
Жарышып чуркап ойносок.
Бүгүн келип карасам,
Уясы турат өзү жок.

Кара чыйырчык жакшы эле,
Жарышып күлүп ойносок.
Кайда кеткен балдары,
Уясы калган өзү жок.
                                                 
Алыкул Осмонов

 

 

д) Аңгемени окугула, мазмунун айтып бергиле

                              Кумурска менен көгүчкөн

    Кумурска өзөнгө келди. Өзөндөн суу ичмекчи болду.  Ал суу ичип жатканда, толкун болуп, кумурска сууга агып кетти. Аны бир көгүчкөн көрүп калды. Көгүчкөн оозуна бир бутакты тиштеп келди да, аны кумурскага таштады. Кумурска бутакка жабышып жээкте туруп, тузакты көрдү.  Тузактын алдына жем чачып коюп, аңчы карап туруптур. Көгүчкөн аңдып жаткан аңчыны көрбөй бара жатат. Кумурска муну көргөндөн кийин, жөргөлөп барып, аңчынын бутун чагып алды. Аңчы кыйкырып жибергенде, көгүчкөн учуп кетти. 
    Бул окуяны өз желесинде байкап олтурган жөргөмүш достук –  кыйбастык экенин түшүндү. 

(Ч.К. Дыйканова ж.б. «Кыргыз тилин үйрѳнѳбүз .

Методикалык колдомо. - Б., 1998. 178-бет)


 

е) Сөздөрдү үйрөнгүлө

кумурска муравей
көгүчкөн голубь 
өзөнгө в речку 
толкун волна
бутак ветка
жээк берег
тузак силки 
аңчы  охотник
чагып алды укусил
желе паутина
жөргөмүш паук 
кыйбастык не причинять, не желать зла

 



ж) Которгула, эсиңерге туткула.




з) Текст боюнча суроолорго жооп бергиле.


1. Өзөнгө эмне келди?


2. Кумурсканын сууга агып кеткенин эмне кѳрдү?


3. Кѳгүчкѳн оозуна эмне тиштеп келди?


4. Кумурска кантип суудан чыкты?


5.Кумурска кайда туруп тузакты кѳрдү?


6. Кѳгүчкѳнгѳ тузакты ким салды?


7. Аңчы кѳгүчкѳндү кантип кармамак болду?


8. Кѳгүчкѳн кантип тузакка түшпѳй калды?


9. Бул окуяны кѳргѳн жѳргѳмүш эмне деп ойлоду?