Кыргызча   Русский


4. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


Кызык экен, окуп кой

      Теннистин байыркы тарыхы бар. Адегенде теннисти гректер, римдиктер топ катары ойногон. 

     Теннис бул француз тилинен «тенноз» «ойногула» деген маанини билдирет. Бул оюн 13-14-15-кылымдарда бүткүл Францияга тараган. Ал тургай бул оюн «падышанын оюну» деп аталган. 1529-жылы падыша Генрих атайын теннис кортун салдырган. Ал ушул күнгө чейин колдонулуп келет. 
      Бүгүнкү күндө теннис бүткүл дүйнѳгѳ белгилүү спорт оюнуна кирет. Ошондой эле «Девис» кубогу мыкты теннисчилерге берилет.

     Хосе Раул Капаланна 4 жашында шахмат ойногонду үйрөнүп, атасын, өзүнүн мугалимин утуп ала баштаган. 14 жашында Кубанын чемпиону менен беттешип, аны да утуп алган. 21 жашында АКШнын чемпиону, 1921-жылы дүйнөлүк чемпиондук даражага жеткен.

 

Текстти окуп, билип алгыла

Мыкты теннисчи

      Мария Шарапова 1987-жылы 19-апрелде Сибирде тѳрѳлгѳн. Ал теннис менен 4,5 жашынан машыга баштаган. 
     Анын биринчи машыктыруучусу Юрий Юдкин болгон.
     Мария 2001-жылы чоңдордун турниринде биринчи ирет ойноп чыккан. 2004-жылы Маша дүйнѳнүн эң күчтүү 20 теннисчилеринин  катарына кошулат.
    Мария Шарапова 18 жашында дүйнѳнүн экинчи ракеткасы наамына татыктуу болгон. Ал «2004-жылдын эң мыкты теннисчиси», «Эң прогрессивдүү оюнчу» деген байгелердин ээси.

 

Сөздөрдү өздөштүрүп алгыла

машыга баштаган начала заниматься 
машыктыруучу тренер 
биринчи ирет впервые 
татыкттуу наам звание
татыктуу болуу удостоиться
эң мыкты самый лучший