Кыргызча   Русский


7. ТЕКСТ


а) Текстти окуп, аңгемелеп бергиле

Алмаздын баяны

      Кечээ атам I - кѳчмѳндѳр оюнуна келген меймандарды кубануу менен тосуп алды. Оюнга Евразиянын 17 ѳлкѳсүнѳн ѳкүлдѳр келишти. Ысык-Кѳлдѳ бул кѳчмѳндѳр оюнуна келгендердин саны 20 миңге жетиптир. Келген туристтер Ысык-Кѳлдү биринчи кѳрүшүп, суктанышты. Алар Семенов, Григорьев капчыгайларына барып, кыргыз элинин каада-салтына, улуттук тамак-аштын ѳзгѳчѳ даамына күбѳ болушту. Кыргыз элинин улуттук оюндарын кѳрүшүп, эр азамат жигиттердин кайраттуулугуна, шамдагайлыгына таң калышты. Манас айтуучулардын ѳнѳрүнѳ таңыркашып, алар менен кол алышып коштошушту.
     Ошентип, кѳчмѳндѳр оюнуна келген меймандар берекелүү кыргыз жеринде бир жумача болуп, меймандос кыргыз элине ыраазычылыгын билдиришти. 

 

б)  Кѳчмѳндѳр оюнунда ойнолгон улуттук оюндарды билип алгыла

 

Оодарыш - ат оюну. Бул оюнда эки жигит аттын үстүндѳ бири-бирин оодарып жыгыш керек.  Жигиттердин эптүүлүгүн, күчүн кѳрсѳтѳт.


 


Күрѳш. Жигиттер күрѳшкѳ чыгып ѳзүнүн күчүн кѳрсѳтѳт. Күчтүүсү жеңип чыгат.


 


Кыз куумай. Жигит кызды ат менен кууп жетиш керек. Жетпей калса, кыздан камчы менен таяк жейт.


 


Ат чабыш. Тапталган күлүк аттарды (жорголорду) жарыштырат. Күлүк тулпар байгеге ээ болот.


 


Улак тартыш. Бул оюнда жигиттер шамдагайлыгын, күчтүүлүгүн эр жүрѳктүүлүгүн  кѳрсѳтүшѳт. 


 


Тогуз коргоол: Илгери «Тогуз коргоол» оюнун жаштар, карылар күндү кыскартуу үчүн ойношкон, бул оюн учурунда кызыктуу окуялар, атадан калган улуу сѳздѳр айтылып, күлкү-тамаша менен күндү ѳткѳрүшкѳн.


 

 

 

в) «Жалын бий» бийин бийлейли

«Жалын бий» бийин бийлѳѳ – ден соолукту чыңдоо

Келгиле эми чогуу бийлейли

 



г) Сүрөт боюнча спорттук оюндардын түрлөрүн тапкыла







Сүрөт боюнча улуттук оюндардын түрлөрүн тапкыла