Кыргызча   Русский


10. УГУП ТҮШҮНҮҮ


а) Диалогду уккула. Экскурсияңарга барганыңар жөнүндө эстегиле

 

 - Жүрү тезирээк баралы, бизди күтүп калышты.
 - Шашкан – шайтандын иши.
 - Ой, мен бир нерсени басып алдым.

 - Шашпа дебедим беле, коркпо, бул козу карын.
 - Ай-иий, карачы булардын кѳбүн, биз буларды кууруп да, туздап да жейбиз.
 - Абайлабаса булардын уулуусу да болот. Аларды билбей эмне?
 - Мына, бул уулуу козу карын. 
 - Кандай деп аталат?
 - «Ак чымын».
 - Козу карындар дүкөндө сатылабы?
 - Менимче, колдо сатылат болуш керек.
 - Козу карындарды  саткан дүкөндөр да бар.

 



б) Сүйлѳшүүнү которуп, толуктагыла.

- Алмаз,жүрү тезирээк баралы, бизди күтүп калышты.

- (Поспешишь – людей насмешишь) .

- (Ой, я наступила на что - то мягкое)

- (Я же сказал, не спеши, не бойся, это гриб) .

- Ай-иий, карачы булардын кѳбүн, биз буларды кууруп да, туздап да жейбиз.

- (Надо быть осторожным, среди них есть и ядовитые)

- .

- (Как называется?)

- «Ак чымын».

- Силерде козу карындар дүкѳндѳ сатылабы?

- .

- А бизде атайын козу карындарды саткан дүкѳндѳр бар.

Колдонулуучу сөздөр: Шашкан – шайтандын иши, Мына, бул уулуу козу карын, Кандай деп аталат?, Менимче, колдо сатылат болуш керек, Абайлабаса булардын уулуусу да болот. Аларды билбей эмне?, Ой, мен бир нерсени басып алдым., Шашпа дебедим беле, коркпо, бул козу карын




в) Ырды жаттап алгыла. Автордун оюу менен макулсуңарбы, ой бөлүшкүлө


Жаратылышты сактайлы.

Аскалуу жашыл улуу төрдү,
Көздөй тунук Ысык-Кѳлдү.
Сактап калсак ыйык тутуп,
Болбойт беле өтө жөндүү.
Аябадык арча, талды,
Аябадык жандыктарды.
Булгадык го мөл булакты
Сууга таштап калдыктарды.
Соолуп барат көлүбүз да,
Такыр болот чөлүбүз да.
Булганабыз минте берсек,
Калдыктарга өзүбүз да.
                                          А.Эшимбекова

 



г) Тѳмѳнкү кѳйгѳйлѳрдүн текстте «бар» же «жок» экендигин аныктагыла.

КатаТуураЖаратылышты сактоо
КатаТуураЫсык-Кѳлдү сактоо
КатаТуураАрча, талды аео жѳнүндѳ сѳз болду
КатаТуураЖандыктарды аео керектиги жѳнүндѳ сѳз болду
КатаТуураКѳлдүн соолушу жѳнүндѳ
КатаТуураӨзүбүз калдыктарга кѳмүлүп калуубуз жѳнүндѳ



д) Тѳмѳнкү ыр саптарынын кайсынысы текстке туура келбейт?

КатаТуураа) Аябадык, арча, талды
КатаТуураб) Аябадык жандыктарды
КатаТуурав) Булгабадык мѳл булакты
КатаТуураг) Сууга таштап калдыктарды
КатаТуураа) Соолубай калат кѳлүбүз да
КатаТуураб) Такыр болот чѳлүбүз да
КатаТуурав) Булганабыз минте берсек
КатаТуураг) Калдыктарга ѳзүбүз да



е) Ыр саптарын толуктагыла.


1. Кѳздѳй тунук ……….


2. Аябадык …….


3. Такыр болот……….