Кыргызча   Русский


2. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


а) Текстти окуп, аңгемелеп бергиле
 

Бурана мунарасы

     Бурана мунарасы Чүй облусунун Токмок шаарынан 12 км. аралыкта жайгашкан. Мунаранын алгачкы бийиктиги 44-48 метр болгон деп божомолдонот. 
    Мунара жайгашкан жер Караханиддер мамлекетинин жери болгон. Карахандыктар Баласагын шаарын ордо калаа кылып турган. Ошол учурда соода-сатык гана эмес, көркөм кол өнөрчүлүк, илим-билим да өнүккөн. Мунаранын сырты оймо-чиймеленип кооздолгон. Ичинде буралып чыга турган тепкичи бар. Бул мунара намаз маалында азан чакыруу үчүн пайдаланылган.

(Ысмайыл Кадыров. Кыргыз маданиятынан тамган тамчылар. – Б., 2011, 208-б)

 


б) Сөз айкаштарынын маанисин билип алгыла

алгачкы бийиктиги     первоначальная высота
божомолдонот предполагает
Караханиддер мамлекети государство Караханидов
соода-сатык купля-продажа 
көркөм кол өнөрчүлүк изобразительное прикладное искусство
оймо-чиймеленип кооздолгонкол украшен орнаментами
буралып чыккан тепкич винтовая лестница
намаз маалында во время намаза 


в) Сөз айкаштарын туура которуп, эсиңерге сактагыла




г) Текст боюнча суроолорго жооп бергиле


1. Бурана мунарасы кайда жайгашкан?


2. Анын бийиктиги жана диаметри канча?


3. Мунаранын алгачкы бийиктиги канча метрге чейин жеткен?


4. Мунарага эмне аркылуу чыгышчу экен?