Кыргызча   Русский


2. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


 а) Текстти  окуп, аңгемелеп  бергиле

Семен  Афанасьевич  Чуйков (1902-1980)

       Кыргыз  сүрөт  өнөрүнүн  баштоочусу, таланттуу  сүрөтчү  С.А. Чуйков 1902-жылы  30-октябрда  Пишпек  (азыркы Бишкек) шаарында  аскердин  үй- бүлөсүндө  туулган. 1902-жылы  анын үй-бүлөсү Алма-Атага  көчүп   кетишет. Ал  жактан С.Чуйков орто билимин  алат.
     1921-жылы Москвадагы  бүткүл  союздук  техникалык  көркөм-сүрөт окуу жайынын живопись бөлүмүндө окуйт. Аны бүткөндөн кийин Санкт-Петербург жана Москвадагы В.Н.Суриков атындагы Сүрөт  институтунда  сабак  берет.

     1933-жылы  Кыргызстанга  кайтып келип,  сүрөтчүлөр  союзун  уюштурат.

 1958-жылы  Брюсселдеги Бүткүл дүйнөлүк сүрөт көргөзмөсүндө С.Чуйковдун «Советтик Кыргызстандын кызы», «Чабандын кызы» чыгармалары  үчүн  авторго  алтын медаль  ыйгарылган.
   Кыргыз жаратылышынын кооздугу анын «Кыргыз мотиви»,   «Тянь-Шань тоолорунун этектеринде», «Бүркүтчү», «Чак түш», «Кеч», «Менин өлкөмдүн тынч  талааларында»  сыяктуу пейзаждарында  чагылдырылган.
     Балдар  турмушу  да  анын  сүйгөн  темасы болгон. «Дүмбүл кармаган  бала», «Сууга  түшкөн  балдар», «Жоолукчан  кыз» ж.б.
      Бишкек  шаарында  сүрөтчүнүн  өнөрканасы   1987-жылдан  бери үй-музейи  болуп  калган. С. Чуйковдун  сүрѳт  өнөрүнө  сиңирген эмгеги  жогору   бааланып,  Кыргыз  ССРинин  жана СССРдин Эл сүрөтчүсү деген  наамдар  ыйгарылып, Токтогул атындагы Кыргыз ССР  Мамлекеттик  сыйлыгынын  лауреаты болгон. Ал  1980-жылы  дүйнөдөн  кайткан.

 

 

б)  Сөз  айкаштарын   эки  тилде  билип алгыла

сүрөт өнөрүнүн баштоочусу родоначальник изобразительного искусства
аскердик катчы военный секретарь
көчүп кетишет переезжают
орто билим среднее образование
бүткүл союздук всесоюзный
сүрөт көргөзмөсүндөгү на художественной выставке
алтын медаль ыйгарылган присвоена золотая медаль
"Чак түш" "Полдень"  (название картины)
пейзаждарында чагылдырылган отражён в пейзажах
сүрөтчүнүн өнөрканасы мастерская художника
сиңирген эмгеги үчүн за заслуги
мамлекеттик сыйлык государственная премия
наамдар ыйгарылып будучи удостоен звания
дүйнөдөн кайткан скончался

 



в) Сѳз айкаштарын туура которуп, ѳздѳштүрүп алгыла.




г) С. Чуйковдун сүрөт чыгармаларын көрсөтүү.


1. «Дочь  Советской  Киргизии»


2. «Дочь  чабана»


  3. «Вечер»


  4. «У подножия гор  Тянь-Шаня»


  5. «На  тихих  полях  моей  страны»

 


6. «Полдень» 


  7. «Кыргызские  мотивы»

  8. «Мальчик  с  кукурузой»

  9. «Купающиеся  дети»

 10. «Девочка  с платком»
 



д) Текст боюнча суроого жооп бергиле.


1. Семен Афанасьевич Чуйков ким болгон?


2. С.Чуйков качан кайда туулган?


3. Ал орто билимди кайдан алат?


4. С.Чуйков Москвада кайсы окуу жайын бүтүргѳн?


5.Ал кайда сабак берет?


6. С.Чуйковго кайсы чыгармалары үчүн алтын медаль ыйгарышкан?


7. Сүрѳтчүнүн ѳнѳрканасы кайсы жылдан бери үй-музейи деп аталат?


8. С.Чуйков кандай сыйлыктын лауреаты болгон?