Кыргызча   Русский


Обондуу ыр


С. Өмүрбаевдин “Эне жөнүндө баллада” аттуу ырын ырдап жүрөлү

Аталышы: “Эне жөнүндө баллада”

Түрү: mp3

Созулушу: 4:44 мүн.

Сөзү: С. Өмүрбаевдики

Музыкасы: А. Атабаевдики

Аткарган: Г. Сатылганова


 Тамчыдай денедеги сүтүң менен,

Талпынтып ак бешикке баккан энем.

Нуруна, мээримине магдыраткан,

Маңдайда менин батпас күнүм белең.
 

Кайырма:    Асыл энем, таалайым менин энем,

                     Жыргалым сен, бакытым сен,

                     Сүйүктүү менин энем.
 

Түбөлүк түн күзөткөн канаттуудай,

Уйкудан чолпон көзүн ачкан энем.

Алдыңа ажал келип турса дагы,

Мен үчүн жанды курман кылат элең.
 

Кайырма: 

Шаңданган шоола болдуң бул жүзүмө,

Асманда ай нурундай асыл энем.

Көзүмдүн карегиндей көп аягам,

Алтындай эмгегиңди неге теңейм?



а) Ырды угуп, бош орундары толуктагыла.

Тамчыдай сүтүң менен,
Талпынтып баккан энем.
Нуруна, магдыраткан,
Маңдайда менин батпас белең.


Кайырма: Асыл энем, энем,
Жыргалым сен, сен,
менин энем.

Түбөлүк түн күзөткөн ,
Уйкудан көзүн ачкан энем.
Алдыңа келип турса дагы,
Мен үчүн жанды элең.

Кайырма:

Шаңданган шоола болдуң бул жүзүмө,
ай нурундай асыл энем.
Көзүмдүн көп аягам,
Алтындай эмгегиңди ?

Колдонулуучу сөздөр: жанды, чолпон көзүн, ажал, таалайым менин, курман кылат, ак бешикке, неге теңейм, бакытым, канаттуудай, Асманда, карегиндей, мээримиңе, денедеги, күнүм, Сүйүктүү







б) Суроолорго жооп бергиле.


 

1. Эне баласын кандай багат?
 

2. Эненин эмгегин эмнеге теңесе болот?
 

3. Баласы үчүн эне эмнеге барышы мүмкүн?
 

4. Эне тууралуу билген макалыңарды жазгыла.



в) Антонимдер:

түн Х
ажал Х
асман Х
ачкан Х

Колдонулуучу сөздөр: өмүр, күн, жапкан, жер







“Ким сүрөтчү?” сынак оюну.

Ырды окуп, андагы сүрөтчү булуттар элес берген сүрөттөрдү кагазга түшүргүлө
 

Сүрөтчү булуттар

 

Асмандагы ак булут,

Көк деңизде кемедей.

Берки булут кадимки,

Элечек кийген энедей.

Жал куйругун сапырган,

Тиги булут атка окшош.

Кызыл булут жалбырттап,

Коломтодо отко окшош.

Түтүнү сымал айылдын,

Кара булут дөөгө окшош.

Ээрчишип жүргөн булуттар,

Эчки, тайлак, төөгө окшош.

Караймын көктө булуттар,

Чыга албай анын четине.

Сүрөт тартып койгондой,

Көк дептердин бетине.       

                         Амангелди Мисиров


 

 

“Ким бат табат?” оюну

 

 

Искусствонун термин-түшүнүктөрүн жакындыгына жана маанисине карай тапкыла. Таблицаны толтургула.

 

живопись, тембр, драма, эпос, комедия, эстрада, көшөгө, пейзаж, ария, трагедия, обон, скульптура, натюрморт, айкел, оркестр, опера, акын, арт, ыр, ансамбль, балет, солист, манасчы, артист, режиссер, хореография, авангардизм, пантомимо, телетеатр ж.б.

 

Сүрөт

Театр

Архитектура

Музыка

Адабият