Кыргызча   Русский


8. Угуп түшүнүү


а) Макалдарды эсиңерге тутуп алгыла.

Бербестин ашы бышпас.    

Бышарына күйүп, чыгарарына күтпөптүр.

Бышылуу тамактын күйүтү жаман.

Асылуу казан, бышылуу аш.

Карды ачкан нанга карайт, суукка тоңгон күнгө карайт.


б) Макалдарды эки тилде билип алгыла

Бербестин ашы бышпас 

– кто не хочет дать (угостить),

у него пища (долго) не варится

Бышарына күйүп, чыгарарына күтпөптүр     – терпеливо ждал, пока сварила еду, пока подавали на стол не удержавшись ушёл.
Бышылуу тамактын күйүтү жаман. 

  – обидно уходить от готовой пищи;   

   на лакомый кусок найдётся усок.

Асылуу казан, бышылуу аш.     – котёл налажен – (значит) пища готова.
Карды ачкан нанга карайт, суукка тоңгон күнгө карайт.  

– голодный смотрит на хлеб,

замёрзший смотрит на солнце.


 



в) Макалдардын мааниси жагынан котормосун тапкыла




г) Табышмакты окуп, жообун тапкыла


Аппак суусун кандырат,
Ачкыл бетиң албырат.
Ачуу деп айта көрбөгүн,
Дарылыкка ал жарайт.


Ичсең ток,
Тура калсаң жок


Дөбө-дөбө дөбөлөйт,
Дөбөгө жамгыр себелейт.


Бири кара, бири ак,
Башкадан сулуу бул тамак,
Жайкы келген конокко,
Жасап бериш жакшы салт,
Кайсы тамак болду экен,
Мунун жообун ким табат.