Кыргызча   Русский


1. Угуп түшүнүү


а) Сөздөрдүн котормосун билип алгыла

кенч катары – как сокровище
руханий дүйнөнү – духовного мира
байкагычтыкка – наблюдательности
ийкемдүүлүккө – способности
күч оюндары – силовые игры
шамдагайлыкты – ловкости
сезимталдыкты – чувтвительности
зиректигин – смышленности
талап кылуучу – требовательность

 

 

 

б) Текстти уккула жана окугула

Кыргыздын улуттук оюндары

          Кыргыз эли элдик оюндарга өтө бай болгон. Улуттук оюндарды адамзаттын көп кылымдык маданиятын сактап келе жаткан кенч катары бааласак болот. Оюндар көңүл ачууда, маданияттуу эс алууда бош убакытты кызыктуу өткөрүүдө, денени чыңдоодо гана чоң мааниге ээ болбостон, руханий дүйнөнү калыптандыруунун маанилүү каражаты да болуп эсептелет.

          Күч оюндарына «Балбан күрөш», «Кол күрөш», «Аркан тартыш» жана башка оюндар кирип, эр жигиттер күчтүүлүгүн, шамдагайлыгын сынай алышат.

          Акыл оюндарына «Тогуз коргоол», «Уюм тууду», «Дойбу» сыяктуу оюндар кирип, бул оюндар кыргыз элинде байыртадан ойнолуп келет. Азыркы учурда «Тогуз коргоол» оюну боюнча республикада атайын мелдештер өткөрүлүп, мыкты оюнчуларга «спорттун чебери» деген атайын наам ыйгарылып жүрөт. Акыл оюндары шахмат оюну сыяктуу эле адамдын акылын, зиректигин, тактыгын талап кылат.

          Шамдагайлыкты, ийкемдүүлүктү, сезимталдыкты талап кылуучу салт оюндары кыргыз элинде абдан көп. Бул оюндар жаштар арасында жеке эле майрам күндөрү гана ойнолбостон, жаштар чогулган жерде көңүл ачуу же убакытты кызыктуу өткөрүү үчүн ойнолгон. Мындай оюндарга «Жоолук таштамай», «Ак чөлмөк», «Топ таш», Жамбы атмай», «Чака чапмай», «Токту сурамай» сыяктуу оюндар азыркы күнгө чейин ойнолуп келет. 

          Кыргыз элинде чүкө оюндары «Упай» «Кан таламай», «Басым», «Ордо» кеңири таралган. Алардын ичинен «Ордо» оюну бүгүнкү күндө республикалык деңгээлдеги оюнга айланды.

 

 

 

в) Сүрөттүү сөздүк. Кайсы улуттук оюн экенин аныктагыла

 

 (күрөш, кол күрөш, ат чабыш, кыз куумай, оодарыш, көк бөрү, ордо. кан таламай ж.б)



в) Сүйлөмдөрдү мааниси жагынан бириктиргиле