Кыргызча   Русский


5. Угуп түшүнүү


а) Диалог «Кыргыз тили сабагында» 

- КРдин Герби качан кабыл алынган?

- 1994-жылдын 14-январында.

- Гербдин авторлорун билесиңби?

- Албетте, билем. Авторлору: А. Абдраев менен С. Дубанаев.

- Гербде кандай жазуулар бар?

- «Кыргыз Республикасы» деген жазуусу бар.

- Анда эмненин сүрөттөрү тартылган?

- Ала-Тоонун, көлдүн жана күндүн сүрөттөрү.

- Эркиндиктин символун эстечи?

- Ии, баса. Ак шумкарды айтпай кеткен турбайынбы.

 

 

 

б) Ырды жаттап алгыла

Герб

Жери, тоосу, көлү бар,

Малдуу  жашыл төрү бар.

Кандай көркөм мекениң –

Гербден карап көрүп ал.

 

Алтын даны гүлзары,

Көзгө тааныш бүт баары.

Канаттууга кактырбас,

Турат алгыр шумкары.

“Биздин Герб” – деп кубанып,

Сыймыктанып жүрөбүз.

Бул – мекендин көөнөргүс,

Белгиси - деп билебиз.

Абзий  Кыдыров

(Кыргыз акын-жазуучулары – балдарга, 1-китеп, Бишкек, 2008, 207-бет)



в) Маек боюнча суроолорго жооп бергиле


1) КРдин Герби качан кабыл алынган?


2) Гербдин авторлорун билесиңби?


3) Гербде кандай жазуулар бар?


4) Анда эмненин сүрөттөрү тартылган?


5) Эркиндиктин символун эстечи?




г) Кроссвордду тапкыла. Кайсы сөздөр келип чыгат?

1
2
3
4


Туура жооп саны: =
0
Ката саны: =
0

Г
М
И
А
М
У
Й
Н
Э
Р
А
Е
Б
Ш
К
А
М
У
Д
Н
К
Г
Е
У

1) Государственный символ
2) Свобода
3) Белый сокол
4) Пшеница