Кыргызча   Русский


4. Окуп түшүнүү


а) Текстти окуп, абзац-абзац боюнча аңгемелеп бергиле

Мачу-Пикчу

       Мачу-Пикчу – бул азыркы Перунун аймагынан орун алган Американын байыркы шаары. Аны которгондо “Эски чоку” деген маанини билдирет. Ал деңиз деңгээлинен 2450 метр бийиктикте тоо кыркасынын чокусунда жайгашкан.

      Айрым археологдордун божомолдору боюнча бул шаар инктердин башкаруучусу Пачакутек тарабынан 1440-жылы курулуп, 1532-жылга чейин шаар болуп сакталып келген. Ал императордун резиденциясы катары салынган. Анда болгону 200 курулуш болгон. Бул шаар храмдардан, резиденциялардан, кампалардан жана эки кабаттуу үйлөрдөн турган. Бул имараттар жакшы иштетилген таштардан, бири-бирине кыналып тургузулган плиталардан салынган. Мында 1200 адам жашаган деп божомолдошкон.

       Мачу-Пикчу азыркы мезгилде ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурас деген макамды (статусту) алгандан кийин массалык туризмдин борбору болуп калды. Бир күндө бул жерге 2000 турист келип кетет. Мачу-Пикчуга жетүү оңой эмес. Туризмди колдоо максатында Агуас-Клиентес шаарына чейин поезд жолу жүргүзүлүп, бир күндө ондон ашык каттам жасалат. Андан ары Мачу-Пикчуга чейин серпантин жолу менен автобус жүрөт. Анын узундугу сегиз километрди түзөт.

 

 

 

б) Сөз айкаштарын өздөшүрүп алгыла

байыркы – древний
чоку – вершина
тоо кыркасы – горный хребет
божомолдору боюнча               – по предположениям
башкаруучу – здесь: правитель
кампа – склад
жакшы иштетилген – хорошо обработанный
дүйнөлүк мурас – мировое наследие
макам – статус
колдоо максатында                    – в целях поддержки
каттам – маршрут


в) Текст боюнча суроого жооп бергиле


1.Мачу-Пикчу кайсы шаардан орун алган байыркы шаар?


2. Ал эмнени билдирет?


3. Мачу-Пикчу тоо кыркасынын кайсы жеринде жайгашкан?


4. Бул шаар кайсы жылы,ким тарабынан курулган?


5. Шаарда эмнелер көп?


6. Бул шаарда болжол менен алганда канча адам жашаган?


7. Мачу-Пикчу туризмдин борборбу?


8. Бир күндө бул жерге канча турист келип кетет?


9. Мачу-Пикчуга кайсы унаалар каттайт?


10. Туристтер Мачу-Пикчуга чейин канча километр жол жүрүшөт?




д) Сөз айкаштарын өздөшүрүп алгыла





е) Төмөнкү сөз айкаштарын маанисине карай бириктиргиле