Кыргызча   Русский


Билип алгыла


а) Аба-ырайын алдын ала кантип билүүгө болот?

1. Кумурсканын уюгунун үстүндөгү үймөк чоң болсо, ошол жылы кыш оор болот.

2. Май коңуздары көбөйгөн жылы кургакчыл болот.

3. Келгин куштар көпкө чейин жүрсө күз узакка созулат.

4. Дарыядагы балыктар ары-бери сүзүшүп тынчсыздана баштаса, чагылган чартылдайт.

5. Бакалар жазда көпкө чейин чардабаса кыш суук болот.

6. Таранчы менен чабалекей уясынын оозун түндүк тарапка каратып салса жайкы аптап ысык келет.

 

 

б) Сөздөрдү эки тилде өздөштүрүп алгыла

кумурсканын уюгу – муравейник
үймөк – стог, скирда
май коңуздары – майские жуки
келгин куштар – перелетные птицы
тынчсыздана баштаса – если начинает беспокоиться
чардабаса – если не квакает
уясынын оозун – дверь гнезда


в) Өзүңдү текшер


1. Келгин куштар көпкө чейин жүрсө эмне болот?


2. Май коңуздары көп болсо жыл кандай болот?


3. Кумурсканын уюгунун үстүндөгү үймөк чоң болсо эмне болот?


4. Бакалар жазда көпкө чейин чардабаса эмне болот?







г) Макалдарды эсиңерге сактап калгыла

 

Бөрү баласы ит болбойт.

Волчонок собакой не станет

 

Карга учуп шумкар болбойт, эшек жүгүрүп тулпар болбойт.

Ворона как не старается, но ей орлом не стать, как не бежит ослица, ей скакуном не стать.

 

Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт.

Быстроногую собаку лиса не любит.

 

 

д) Жаңылмачтарды айтып көргүлө

Бадал, арал, марал арал

Бадал аралды марал аралады.

 

е) Чаташкан сөздөрдү иретке келтиргиле

Арал, бадал, арал, марал.

Бадал, аралады, аралды, марал.



ж) Макалдардын котормосун туура тапкыла жана билип алгыла




Табышмактардын туура жообун тапкыла


1.Жер алдында борколдой семиз


2.Төрт буттуу, төөдөн күчтүү


3.Үй ичинде уялайт,
Бири-бирин кубалайт.
Чыйылдашып ар дайым,
Бири-бирин таба албайт.