Кыргызча   Русский


4. Угуп түшүнүү


а) Сөздөрдү эки тилде окуп өздөштүрүп алгыла

 

күлазык  – сушённая пища
кургатылган  – высушённый
бузулбайт  – не портится
берекелүү  – благодатный
жегиликтүү  – съедобный, вкусный
майда тууралган  – мелко нарезанный
көчмөндөр  – кочевники
ылайыктап жасаган  – приспособлено 
бара-бара  – постепенно
муктаж болбогондуктан  – не было нужды
жаргылчак  – ручная мельница
талкан аралаштырып  – смешивая с толокном
куурулган  – жаренный
тоңдуруп коюшат  – замораживают


 



б) Өзүңөрдү текшергиле. Сөздөрдүн туура котормосун тапкыла, сүйлөө кебиңерде колдонгула







в) Чоң апа менен неберенин сүйлөшүүсү

- Чоң апа, бүгүн бизге “Күлазык” деген темада дил баян жазып келгиле деди.

- Күлазыкка кандай тамак-аштар кирерин билесиңби, балам ?

- Ооба, ага курут, талкан, кургатылган жемиштер кирет да.

- Ооба, кызым, бирок кыргыздарда эттен да күлазык даярдашкан.

- Чоң апа, эттен кантип даярдайт, ал бузулуп кетет  го?

- Жок, ал бузулбайт. Сен алгач  менин айткандарымды угуп ал.

Күлазык берекелүү, ток, бузулбаган жегиликтүү азык. “Күл” деген сөз майда тууралган дегенди билдирет. Күлазык илгерки ата-бабаларыбыздын көчмөн турмушуна ылайыкталып жасалган. Анын эң көп түрлөрү болгон. Бирок бара-бара колдонулбай, тиричиликте муктаж болбогондуктан, унутулуп калган. Күлазыктын биринчи түрү – бул эттен жасалган азыктар.  Күлазык кандай болуп жасалат. Мына ушуга кулак сал. Биринчи түрү: семиз уйдун этин бышырып кургатып, майда туурап, жаргылчакка тартып, талкан аралаштырып кездеме баштыкка сакташат.

          Экинчи түрү: чийки эттен жасалат. Этти туздап абдан кургатат да, аны жаргылчакка тартышат. Аны сууга салып кайнатып ичишет. 4-5 кишини эки ууч күлазыктын ашы менен  тойгузууга болот.

          Үчүнчү түрү: куурулган күлазык. Этти туурап, койдун ич майына куурат. Бул куурулган күлазыкты майы менен кошо идишке тоңдуруп коюшат.

- Чоң апа, сизге чоң ырахмат. Мен эми “Күлазык” жөнүндөгү дил баянымды абдан кызыктуу жазып “беш” аларыма ишенем.

- Азаматсың, кызым, бир айтканда эле түшүнүп алганыңа. Барагой, эми дил баяныңды жаз.

- Макул чоң апа, мен кеттим.



г) Суроолордун туура жообун тексттен тапкыла