Кыргызча   Русский


5. Окуп түшүнүү


а) Сөздөрдү эки тилде окуп өздөштүрүп алгыла

 

ташкордо  – каменная сковорода (название еды)
чоктун табына  – на угольках 
бышыруу ыгы  – способ приготовления 
чыга элек кезде  – до появления (до выхода)
курсактарын тойгузушкан  – насыщались 
бүкүлү эт  – цельное мясо
кор  – угольки (горячая зола с углями)
күл  – мелко нарезанный
кордолуп бышырылган  – приготовленно на углях 
ичеги-карды  – требуха
куйкалайт  – опаливают


 



б) Сөздөрдүн туура котормосун тапкыла







Тасма аркылуу кыргыздын байыркы тамагын билип алгыла

 

в) Текстти окугула

Ташкордо

         Ташкордо – кыргыздын эң байыркы тамактарынын бири. Койдун, эчкинин, кийиктин этин оттун, чоктун табына бышырышат. Ташкордону бышыруу ыгынан эле анын  байыркы, эң илгерки тамак экенин билүүгө болот. Анткени адамдар отту өз тамактарын бышырууга пайдалана баштаган кезде, казан, тандыр сыяктуулар чыга элек кезде ушундай жол менен бышырып, курсактарын тойгузушкан. Бүкүлү этти чокко же ысыган таштын ортосуна салуу менен бышырышкан. «Таш» деген сөз кадимки эле таш. «Кор» деген сөз ысык күлдү, чокту билдирет. Башкача айтканда, кызарта ысыган ташка кордолуп (катталып) бышырылган эт деген маанини билдирет.

        Азыркы учурда ташкордону даярдоо ыкмасынын көп түрү бар. Мисалы: койду союп, ичеги-кардын артып тазалайт. Союлган койдун  ичине ысык кызарган таштарды салат да сыртынан куйкалайт. Куйкалап бүткүчө ичиндеги таштарды улам алмаштырып турат.



г) Текст боюнча суроолорго жооп бергиле


1. Ташкордо кайсы элдин эң байыркы тамагы?


2. Ташкордого эмненин эти колдонулат?


3. Качантан бери ташкордо колдонула баштаган?


4. Ташкордону кандай бышырган?


5. «Кор» деген сөз эмнени билдирет?







д) Эсиңе сактап ал!


 

Бышкан ашты таштаба.

Караңгыда ак сураба.

Аккан сууга түкүрбө.

Очокту аттаба.

Дасторконду аттаба, аны тетири салба.

Казан-аякты калдыратпа, аны теппе.



е) Сүйлөмдөрдүн туура котормосун тапкыла


1.Ташкордо является древнейшим блюдом кыргызов.


2. По способу приготовления ташкордо можно определить то, что оно является древнейшим блюдом.


3. Из мяса барана, козы, дикого быка готовят на не остывшем костре.


4. Например, режут барана и чистят внутренности.


5. Каждый раз при опаливании меняют камни внутри.


6. Слово «кор» означает горячий пепел, золу.


7. Они приготавливали куски мяса на костре или между горячими камнями.