Кыргызча   Русский


1. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


Жайлоодогу тиричилик

         а) Сөздөрдү эки тилде окуп өздөштүрүү

боз үй – юрта
үй тик – ставить юрту
үй чеч – разбирать юрту
кереге – кереге (деревянная решётка цилиндрической части юрты)
кереге чалгыч – тесьма (проходящая по верхной части кереге)
канат – полотнище (кереге)
алты канат ак өргө – белая юрта с кереге в шесть полотнищ
уук – унина
уук сай – вонзить унину в отверстие тюндюка
түндүк – верхний деревянный круг остова юрты
чамгарак – гнутые палочки, вставляемые крест-накрест в тюндюк
босого – дверная рама
эшик чий – дверное полотнище из чия
түндүк жабуу – войлок, служащий для закрывания тюндюка
түндүк тарткыла – закрывать или открывать түндүк
туурдук – нижние войлочные покрытия
үзүк – верхние войлочные покрытия для уука
чий – чий
чий калагыла – огораживать юрту чием
боо – верёвка, завязка
кырчоо – верёвка, для наружного укрепления юрты
бакан – сучковатый шест, служащий вешалкой в юрте
түндүк бакан – шест для подпирания тюндюка
төр – место в юрте на против входа
улага – место у порога
эр жак – мужская половина юрты
эпчи жак – женская половина юрты
 чыгдан – огорождение чием, где хранятся продукты и пища
коломто – очаг в юрте для приготовления пищи
тулга – таган-треног
көзөөч – долото
кычкач – щипцы для углей
түпкүч – круглая подставка под котёл
туткуч – войлочные наручники
ала кийиз – орнаментированный войлок
туш кийиз – бархатный настенный ковёр
шырдак – текимент красочно орнаментированный войлок
оюу – орнамент
көлдөлөң – подстилка, сделанная из шкуры овцы или козы
таар – дерюга
талпак – высушенная шкура
жүк – ровно сложенные один на другой одеяла и подушки
жер төшөк – подстилка
төшөк – постель
казан-аяк – кухонная посуда
аяк – чаша, чашка
кесе – большая чаша
чөйчөк – маленькая чашка
чөмүч – половник
кумган – кувшин
жаргылчак – ручная мельница
өрмөк – ткацкий станок у кыргызов
ийне – игла



 



б) Сөздөрдүн котормосун туура тапкыла.




в) Тесктти окугула, билип алгыла


Боз үй

          Боз үй – бул кыргыздардын жөн гана көчмө турак жайы эмес. Ал үй-бүлөнүн жана уруунун биримдүүлүгүнүн символу. Боз үйдү жалгыз адам тиге албайт. Бир нече адам биргелешип тигишет. Демек бул жерде ынтымак дагы зарыл. Боз үйдү, адатта, аялдар тиккен. Эркектер түндүк көтөрүүгө жана үзүк жабууга гана жардамдашкан. Адегенде, кереге жайылып, канаттары бири-бирине кыналат. Баштары кереге чалгычтар менен чалынып, босого таякка бекитилет. Анан ача бакан менен түндүк көтөрүлүп, ууктар сайылып, керегенин башына байланат. Ууктар тизгич менен чалынып, керегенин сыртынан чий каланат. Эшиктин боосу түндүктүн алкагы аркылуу баш босогого байланат. Анан туурдук менен үзүк жабылып, түндүк жабуу салынат.

         Боз үйдүн ичинин бөлүнүшү: боз үйдүн так ортосу – коломто, ага казан асылат. Эшиктин каршысы төр, эшиктин оң жагы эпчи жак, сол жагы эр жак. Төрдө жүк жыйылат, коноктор отурат. Эр жакта  эркектердин кийими, ат жабдыктары жана башка буюмдары коюлат. Эпчи жакта ашкана чий менен калкаланып казан-аяк, тамак-аш турат. Ошондой эле аялга керектүү буюмдар коюлат. Жерге ала кийиз, шырдактар төшөлүп, үстүнө төшөк, көрпө, талпактар салынат. Керегеге туш кийиз тартылат.



г) Текст боюнча суроолорго жооп бергиле.


1. Боз үй кандай куралган үй?


2. Боз үй кандай тигилет?


3. Боз үй эмне менен жабылат?


4. Боз үй кандай бөлүктөрдөн турат?


5. Эркектерге тиешелүү буюмдар кайда коюлат?


6. Эпчи жакта эмнелер болот?




д) Тексттин бош орундарын мааниси боюнча толтургула
Боз үй

     Боз үй – бул кыргыздардын жөн гана , ал үй-бүлөнүн жана уруунун символу. Боз үйдү жалгыз адам тиге албайт. Бир нече адам биргелешип , демек бул жерде ынтымак дагы зарыл. Боз үйдү адатта тиккен. Эркектер көтөрүүгө жана жабууга гана жардамдашкан. Адегенде жайылып, канаттары бири-бирине кыналып, баштары кереге менен чалынып, босого таякка бекитилет. Анан ача бакан менен көтөрүлүп, сайылып, керегенин башына байланат. Ууктар тизгич менен чалынып, сыртынан чий каланат. Эшиктин боосу түндүктүн алкагы аркылуу баш босогого байланат. Анан менен жабылып, түндүк жабуу салынат.

     Боз үйдүн ичинин бөлүнүшү: боз үйдүн так ортосу –, ага казан асылат. Эшиктин каршысы төр, эшиктин оң жагы жак, сол жагы . Төрдө жүк жыйылат, коноктор отурат. Эр жакта кийими, ат жабдыктары жана башка буюмдары коюлат. Эпчи жакта менен калкаланып казан-аяк, тамак-аш турат. Ошондой эле аялга керектүү буюмдар коюлат. Жерге ала кийиз, төшөлүп, үстүнө салынат. Керегеге тартылат.

Колдонулуучу сөздөр: биримдүүлүгүнүн , эркектердин , аялдар , эр жак , үзүк , коломто , керегенин , ашкана , үзүк , эпчи , туш кийиз , туурдук , көчмө турак жайы эмес , ууктар , кереге , шырдактар , тигишет , түндүк , чалгычтар , төшөк , түндүк










 



а) Сүйлөмдөрдөгү аныктооч менен аныкталгыч создөрдү тапкыла.


Эшиктин боосу түндүктүн алкагы аркылуу баш босогого байланат.


1. Боз үйдү жалгыз адам тиге албайт.


2. Алар алты канат боз үйдү тигишти.


3. Ууктар тизгич менен чалынып, керегенин сыртынан чий каланат.




б) Сөз айкаштарынын туура котормосун тапкыла




в) Аныктоочтун милдетин кайсы сөз түркүмдөрү аткарды, аныктагыла




г) Макалдын маанисин түшүнүп алгыла


Уугум сага айтам, уулум сен ук, керегем сага айтам, келиним сен ук.

(К тебе, унина моя обращусь, послушай меня, сынок, к тебе, кереге моя обращусь, послушай меня, невестка)


д) Макалды толуктап, эсиңерге туткула

1. сага айтам, уулум сен ук, сага айтам, келиним сен ук.

Колдонулуучу сөздөр: уугум, керегем