Кыргызча   Русский


2. Окуп түшүнүү


а) Текстти окугула, билип алгыла.
 

Өрмөкчүлүк

        Өрмөк согуучулук  (өрмөкчүлүк) – элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Өрмөк аркылуу ийрилген жиптен  турмуш–тиричиликке ылайыкташкан ар кандай буюмдарды жасоого болот. Кыргыздын көркөм өнөрүндө чыйратылган жиптен түрдөнтүп таар согуу абдан өнүгүп келген.

      Согулган таардын эң жөнөкөй түрүн «кара таар» дейт. Өрмөк буюмдар көлөмдүүсүнө жана кооздугуна жараша жерге салынуучу, дубалга тартылуучу шалча болуп бөлүнөт. Боз үйдүн жасалгасындагы сызма-боочуулары да өрмөктөн согулат.



 

б) Тексттеги белгиленген сөздөрдүн туура котормосун тапкыла

       (Плетение (плетельщица) (өрмөкчүлүк) – элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү.  Бул – өрмөк аркылуу (ийрилген жиптен)  турмуш–тиричиликке ылайыкташкан ар кандай буюмдарды жасоого болот. Кыргыздын (в художественном мастерстве) чыйратылган жиптен түрдөнтүп таар согуу абдан өнүгүп келген.

     Согулган (дерюги) эң жөнөкөй түрүн «кара таар» дейт. Өрмөк буюмдардын көлөмдүүсүнө жана кооздугуна жараша жерге салынуучу, дубалга тартылуучу болуп бөлүнөт. Боз үйдүн (внутренняя отделка) сызма-боочуулары да өрмөктөн согулат.

 

Керектүү сөздөр: өрмөк согуучулук, ийрилген жиптен, көркөм өнөрүндө, таардын, ички жасалгасы, өрмөк соктур.



в) Туура, катасын тапкыла

КатаТуураУзчулук менен кыз-келиндер алектенишкен.
КатаТуураӨрмөк аркылуу ийрилген жиптен турмуш–тиричиликте ар кандай буюмдар жасалат.
КатаТуураАт жабдыктарынын баары өрмөктөн жасалат.
КатаТуураЖакшы көргөн адамыңа өрмөк соктур.
КатаТуураБоз үйдүн тизмелерин өрмөк менен согот.
КатаТуураШырдакты өрмөк менен согот.






г) Макалдарды эки тилде өздөштүрүп алгыла

Жалкоо жарыбайт, соргок байыбайт.
 
Ленивый в нужде, а прожорливый не богатеет.

Жалкоонун жаны таттуу,

эмгекчинин наны таттуу.

У ленивого душа сладка, а у  трудолюбивого хлеб сладок.
Байлыктын атасы – эмгек, энеси – жер. Отец богатства – труд, мать богатства – земля.
Байлыкты – эмгектен, теңдикти күрөштөн изде. Богатство ищи в труде, а равенство – в борьбе.


д) Макалдардын туура котормосун тапкыла