Кыргызча   Русский


5. Угуп түшүнүү


а) Спорттун түрлөрү жөнүндө маек

- Саламатсыңбы, Санжар, кайда шашып баратасың?

- Саламатчылык, Айдай, көрүшпөгөнүбүзгө көп болуп кетти го, ден соолуктарың кандай?

- Жакшы, өзүңүздүкүчү. Жаңы классташтарың кандай экен?

- Жаңы классташтарым жакшы. Мен стадионго машыгууга бараттым эле.

- Эмне боюнча машыгууга катышып жүрөсүң, мурдатан эле барчу белең? Мен укпаптырмын.

- Ооба, 3 жылдан бери оор атлетикага катышам.

- Кандай? Жетишкендиктер барбы?

- Ооба, республикалык деңгээлдеги мелдештерге катышып жүрөм. Спорт ден соолук үчүн абдан керек экен.

- Туура айтасың Санжар мен дагы  теннис боюнча секцияга катышып жүрөм.

- Оо, азаматсың Айдай. Бирок сен мурда сууда сүзүү боюнча мелдештерге катышып турчу элең го?

- Өпкөмө суук тийгизип алгандыгыма байланыштуу сууга сүзүүгө болбой калды. Догдурлар тыюу салган. Бирок спортту таптакыр таштап салгым келбейт.  Ошондуктан теннис менен аз-аз болсо да машыгып жүрөм.

- Эч нерсе эмес, Айдай, эң негизгиси ден соолугуңа кам көр.

- Санжар, сага жолукканым жакшы болбодубу? Биз, классташтар, кийинки жумада «Нооруз» лыжа базасына барып келели деп жатканбыз. Биз менен барасыңбы?

- Албетте, барам.

- Анда сүйлөштүк, жума күнү телефон чалышабыз.

- Көрүшкөнчө.

- Жолугушканга чейин.



б) Туурасын, катасын тапкыла

КатаТуура1. Санжар 5 жылдан бери оор атлетикага катышат.
КатаТуура2. Санжар республикалык деңгээлдеги мелдештерге катышып жүрөт.
КатаТуура3. Айдай теннис боюнча секцияга катышып жүрөт.
КатаТуура4. Айдай сууда сүзүү боюнча мелдештерге катышат.
КатаТуура5. Айдай сууга сүзүүгө болбойт, анткени догдурлар тыюу салган.
КатаТуура6. Санжар «Нооруз» лыжа базасына барбайт.






в) Текстти окугула, билип алгыла.

Элдик дарыгерлик

 

        Кыргыз элинде элдик дарыгерлик илгертен пайда болуп, кеңири колдонулуп келе жатат. Алар айрым ооруларды сезгендирип (ташты, темирди ысытып, үстүнө дары суу сээп ооруган жерди тосуп) айыктырышкан. Көптөгөн оорулар негизинен, адам өз денесине керек болгон заттардын катышын билбегендиктен, иретсиз тамактануудан келип чыгат. Мисалы, суук ооруларында адамга ар кандай кислоталык касиеттүү заттар жетишпей калгандыктан, кыргыз дарыгерлери  аларды эт-аштуу, кубат кошкон азыктар менен дарылашкан. Ысык ооруларга щелочтуу заттар жетишпегендиктен  аларды жер-жемиш азыктары менен дарылашкан. Бирок оорусу өтүшүп кеткендерди дарылоодон мурун, анын денесин алдын ала тазалоо чараларын көрүшкөн. Ал үчүн оорулууга «ак дары» деп аталып калган ак суу (кадимки кайнатылган булактын суусу) же көк суу (кайнатылган булактын суусуна эки чоң кашык сүт кошулат) беришкен. Бул мыкты натыйжаларды берген, себеби кыргыздар көбүнчө тоолуу жерлерде жашагандыктан, булак сууларында карбонаттар денеге керектүү ченемден ашкан эмес. Табыптар оорулардын акыбалын, алардын тамырын кармоо аркылуу көзөмөлдөп, сууну бир айдан 40 күнгө чейин беришкен. 40 күн чыдаган адамдын денеси тазарып, анын өңүнөн, жүрүм турумунан ден соолугунун оңолуп калганы кадимкидей байкалган. Ал эми 40 күнгө чыдай албай, чала дарыланып калган адамдын оорусу кийин кайра кармай баштаган. Жөнөкөй көрүнгөнү менен, мына ушундай тамактануу, гигиена жана атайын кыймыл эрежелерин табыптын көзөмөлү боюнча сактоо өтө кыйын болгон.