Кыргызча   Русский


1. Окуп түшүнүү


а) Сөздүктү эки тилде билип алгыла

оймочулук  – нанесение узора (мастерица, наносящяя узор)
саймачылык  – вышивание (вышивальщица)
түймөчүлүк  – вязание (взязальщица)
бычмачылык  – закройщик (портной)
эшмечилик  – вить веревки
токуучулук  – ткачество (ткать)
куракчылык  – шить из разноцветных лоскутов
өрмөкчүлүк  – плетение (плетельщица)
көркөм чеберчилиги  – художественное мастерство
жеңил өнөр жай – легкая промышленность
бир тармагы  – одна из отраслей


 



б) Сөздөрдүн котормосун тапкыла







в) Текстти окугула

Узчулук

          Кыргыз элинин байыртадан келе жаткан оймочулук, саймачылык, түймөчүлүк, бычмачылык, эшмечилик, токуучулук, куракчылык, өрмөкчүлүк өнөрүндө кыз-келиндердин көркөм чеберчилиги  бүгүнкү күндө кесип катары тараган жеңил өнөр жайдын бир тармагы болуп эсептелет.

         Азыр талапка ылайык заманбап буюмдар жасалып жатат. Бул кесипти аркалаган кыз-келиндердин колунан жаралган буюмдар жеке эле биздин өлкөдө эмес, чет өлкөлөрдө да таанылды. Кыргыз аялдарынын колунан жаралган улуттук буюмдар менен кийим-кечектерди жана алардын өнөрлөрүн жайылтуу үчүн эл аралык денгээлдеги көргөзмөлөр өткөрүлүп турат.


 

  1. Сүйлөшүү

г) Маекти уккула

- Эже, кыргыз аялдары кандай кол өнөрчүлүк менен алектенишет?

- Кыргыз аялдары байыртадан эле саймачылык, түймөчүлүк, оймочулук бычмачылык, токуучулук, куракчылык жана өрмөкчүлүк менен алектенип келишкен.

- Өрмөкчү кандай буюмдарды жасайт?

- Өрмөкчү боз үйдүн жерге салуучу таар жана шалчаларды согот.

- Өрмөктү кантип согот?

- Кантип согот аны азыр тасмадан көрөбүз.


 

 

д) Видеотасма аркылуу кыргыз өнөрү менен таанышкыла




е) Өзүңдү текшер


1. Дерюга (тканное полотно)


2. Ковровая полоса


3. Такта жабуу


4. Жел боо