Кыргызча   Русский


6. Лексика-грамматикалык материалды өздөштүрүү


Толуктооч жана анын түрлөрү.Тике толуктооч

 (Дополнение и его разряды. Прямое дополнение)
 

Тике толуктооч табыш жөндөмөдө туруп, кимди? эмнени? деген суроолорго жооп берет. Кыргыз тилинде тике толуктооч өтмө этиштерге багынып турат.

 



а) Көп чекиттин ордуна тике толуктоочтун мүчөлөрүн койгула

1. Ташкордо- бышыруу ыгынан эле анын байыркы, эң эски тамак экенин билүүгө болот.
2. Адамдар от- өз тамактары- бышырууга пайдалана баштаган кезде ушундай жол менен эт- бышырышкан.
3. Бүкүлү эт чокко же ысыган ташты ортосуна салуу менен бышырышкан.
4. Азыркы учурда ташкордо даярдоо ыкмасынын көп түрү бар.

Колдонулуучу сөздөр: ну, -ну, ту, -ти, ти, н, -н




б) Суроолорго жооп бергиле


1.Тике толуктооч кайсы жөндөмөдө турат?


2.Тике толуктооч кайсы суроого жооп берет?


3. Ташкордо кандай тамак-аштын түрүнө кирет?


4. ”Кор” деген сөз эмнени билдирет?


5. Ташкордону кантип жасашкан?