Кыргызча   Русский


6. Окуп түшүнүү


 Маекти ролдоштуруп окугула. Дүйнөнүн байыркы жети кереметин да билип алгыла.

 

Каныкей: Эжеке, дүйнөнүн жети керемети жөнүндө айтып бересизби?

Алтынай: Байыркы мезгилде дүйнөгө даңкы чыккан курулуштар менен  статуялар ушундайча аталат.

Каныкей: Алар кайсылар?

Алтынай: Ал байыркы Египет фараондорунун күмбөздөрү – пирамидалар. Алардын эң чоңу – Фараон Хеопстун пирамидасы.

Каныкей: Андан кийинки кереметчи?

Алтынай: Дүйнөнүн дагы бир керемети – Семирамиданын асма багы.  Байыркы Чыгыштын эң бай жана чоң шаары Вавилондо болгон.

                    Уламышта, бул бакты Семирамида каныша тиктирген делет.

Каныкей: Ал канчанчы кылымда тигилген?

Алтынай: Биздин заманга чейинки VI кылымда.

Каныкей: Эми үчүнчү керемет жөнүндө айта  аласызбы?

Алтынай: Гректердин аял кудайы Артемидага арналып, Кичи Азиядагы Эфес

                   Шаарында курулган храм дүйнөнүн үчүнчү керемети болуп

                   эсептелет.

Каныкей: Төртүнчү кереметчи?

Алтынай: Грециянын түштүгүндөгү Олимпиа шаарында салынган байыркы гректердин башкы кудайы Зевстин скульптурасы.

Каныкей: Эми бешинчи керемет жөнүндө айтып бериңизчи.

Алтынай: Ал Кичи Азиядагы анча чоң эмес Карий падышалыгынын борбору

                   Галикарнас  шаарында (Түркиядагы азыркы Бодрум шаары) – Мавсол падышанын эң сонун күмбөзү. Күмбөздү анын жесири

                   Артемисия каныша биздин заманга чейинки IV кылымдын

                   ортосунда салдырган.

Каныкей: Дүйнөнүн алтынчы кереметичи?

Алтынай: Бул – күн кудайы Гелиостун статуясы.Родостуктар аны өздөрүнүн

                   колдоочусу деп эсептешкен.

Каныкей:Эми акыркы жетинчи керемети калды.

Алтынай: Жетинчи керемет Нил дарыясынын куйган жериндеги Фарос аралында Александрия шаарына жакын жердеги бийиктиги 120 метрге жеткен эң чоң маяк.

Каныкей: Алар азыр да сакталып турабы?

Алтынай: Семирамиданын асма багы Ефрат дарыясынын ташкында

талкаланган.

                  Артемиданын храмы бузулуп жок болгон. Зевстин статуясы күйүп

                  кеткен. Александрия маягы жер титирөөдө кулаган.

                  Пирамидалар гана күнү бүгүнкүдөй

                  турат.”Дүйнөнүн жети керемети” деп аталган статуялардын баары

                  жок болгонуна карабастан кылымдар бою элдин эсинде жашап келе жатат.

Каныкей: Рахмат, эжеке, абдан кызыктуу экен.



б) Сүйлөмдөгү боштуктарды керектүү мүчөлөр менен толуктагыла.

1. Кытай дубалы айрым жерлери топурак эрозиясынын кесепетинен урап түшкөн.

2. Кукулькан пирамидасы египет пирамидалары караганда чоң эмес.

3. Рим Колизейи биздин эра чейин I кылымда салынган.

4. Кытай дубалынын курулушу биздин эра- чейин III кылымда Цинь династиясынын убагында башталган.

5. Чөлдөрдү басып өткөн кербендер Петра токтоп, ысыктан баш калкалап шаардагы булактар- суу алып, эс алып өтүшчү.

6. Бадалин туристтер үчүн Кытай дубалынын эң көрүнүктүү кооз жери болуп эсептелет.

7. Аска ичине имараттар куруу үчүн таш усталары канча убакыт кетиргени белгисиз.

8. Мачу-Пикчу император резиденциясы катары салынган.

Колдонулуучу сөздөр: -ды, -дан, дан, -на, -нын, -дын, -га, га, -дун