Кыргызча   Русский


2. Угуп түшүнүү


а) Сөз айкаштарын эки тилде өздөштүрүп алгыла

кадамын таштоо  – делать первые шаги 
там-туң баса баштаганда  – когда начал ходить
набаттуу байбиче  здесь: уважаемая  женщина
ала жип эшүү  – накручивать полосатую нитку
бутун тушайт  – завязывают ноги
белгиленген аралыкта – с определенного места 
сүйөп-таяп алыптыр  – опирался
балдарды жарыштыруу – проводить соревнование среди детей
тойчук бердик   – отпраздновали той
тушоо кесүү  – обрезание пут


б) Сөз айкаштарынын туура котормосун тапкыла







в) Текстти окуп, маанисин билип алгыла

Тушоо кесүү салты

         Кыргыз элинин салттарынын эң негизгилеринен болгон тушоо кесүү салты да үй-бүлөлүк майрамдардын бири болгон. Той наристе биринчи кадамын таштап, там-туң баса баштаганда өткөрүлөт.

         Тушоо тойдо тойго келген кадырлуу адам бычагын, набаттуу байбиче жүндөн ала жип эшип той ээсине тапшырат. Анан ошол жип менен баланын бутун тушайт да, чогулган өспүрүм балдар белгиленген аралыкта чуркап келишет. Биринчи келген бала жипти кесет жана баш байгени алат. Ал эми калгандары ирети менен байгелерин алышат. Ошентип той ар кандай оюн-зооктор менен коштолот.

г) Чыгармадан үзүндүнү уккула

Саматтын тушоо тою

… Бир күнү короого кирсем, Самат там-туң  басайын деп жүрөт. Асел сүйөп-таяп алыптыр, жыгылабы деп корккону да. Мен карап туруп калдым.

- Баке, карачы, уулуң басып калды! – деп Асел сүйүнчүлөдү.

- Тай-тай, тайлагым! Келе койчу, кана өзүң басып кел, коркпо!

…  - Асел, эртең Саматтын тушоосун кеселичи! Балдарды жарыштырып, эл-журттун батасын алалы.

- Жарайт, Баке! – деп Асел жадырай күлдү.

… Ошентип эртеси коңшу - колоңдорго тойчук бердик.

Ч.Айтматов. «Делбирим» повести

д) Тушоо кесүү тою жөнүндө көркөм тасмасманы көргүлө

 

е) Белгиленген сөздөрдүн котормосун тапкыла

Саматтын тушоо тою

… Бир күнү короого кирсем, Самат ______________ басайын деп жүрөт. Асел _________________, жыгылабы деп корккону да. Мен карап туруп калдым.

- Баке, карачы, уулуң басып калды! – деп Асел сүйүнчүлөдү.

- Тай-тай, ___________________! Келе койчу, кана өзүң басып кел, коркпо!

…  - Асел эртең Саматтын ________________________! ______________________, эл-журттун батасын алалы.

- Жарайт, Баке! – деп Асел жадырай күлдү.

… Ошентип эртеси кошун-колоңдорго _____________________.
 

Керектүү сөздөр: тойчук бердик, там-туң, балдарды жарыштырып, тай-тай, тайлагым, сүйөп-таяп алыптыр, тушоосун кеселичи.