Кыргызча   Русский


4. ЛЕКСИКА-ГРАММАТИКАЛЫК МАТЕРИАЛДЫ ӨЗДӨШТҮРҮҮ


Сүйлөмдүн айкындооч мүчөлөрү. Аныктооч

Грамматикалык түшүндүрмө

Аныктоочтор аныкталгычтан мурун келип, заттын сын сыпатын, санын, таандык экенин көрсөтөт. Алар: кандай?, кайсы?, канча?, канчанчы? деген суроолорго жооп берет.


 

Аныктооч төмөнкү сөз түркүмдөрү менен жасалат

Кайсы сөз түркүмү

Мисалдары

Суроолору

1.

Зат атооч

Мектептин окуучулары театрга келишти.

Эмненин? Мектептин.

2.

Сын атооч

Жакшы бала тартиптүү болот.

 Кандай бала? Жакшы бала.

3.

Сан атооч

Биринчи июнь – Балдардын коргоо күнү.

Канчанчы июнь? Биринчи июнь.

4.

Ат атооч

Алардын баласы жакшы окуйт.

Кимдин баласы? Азаттын баласы.

5.

Атоочтук

Айтылган сөздөр балдар-га таасир берди .

Кандай сөздөр?

Айтылган сөздөр.

 



а) Сүйлөмдөрдөгү аныктоочторду тапкыла

1. “ сөзү – көзү” - деп чоң атам айткан.
3. , уул-кыздарыбыз - ээлери.
4. Иним классты бүткөндөн кийин, чоң атамдыкына кетет.
5. ийгилигиң ата-энең үчүн чоң бакыт.
6. улууларыбыз урмат- сыйга татыктуу.

Колдонулуучу сөздөр: акылдын, биринчи, биздин, намыскөй, билим, алуудагы, атанын, келечек, акылдуу




б) Сүйлөмдөрдөгү аныктоочтордун милдетин кайсы сөз түркүмдөрү аткарды, аныктагыла

1. “Атанын сөзү – акылдын көзү” - деп чоң атам айткан. ( )
2 . Намыскөй, акылдуу уул-кыздарыбыз – келечектин ээлери. ( )
3. Иним биринчи классты бүткөндөн кийин чоң атамдыкына кетет. ()
4. Сенин билим алуудагы ийгилигиң ата-энең үчүн чоң бакыт. ( )
5. Биздин улууларыбыз урмат-сыйга татыктуу. ( )

зат атооч, сан атооч, сын атооч, атоочтук, ат атооч

Колдонулуучу сөздөр: зат атооч