Кыргызча   Русский


4. ОКУП ТҮШҮНҮҮ


а) Сөз айкаштарын  эки тилде окуп өздөштүрүп алгыла

жайлоодогу тиричилик  хозяйство и быт на джайлоо
таң ата электе  пока не рассвело
күн чыга электе  пока солнце не вышло
жылкылар келгенче  пока не подошли лошади
уйларды саап  подоив коров
сүттү бышырып  вскипятив молоко
айранды уютуп  заквасив айран
кулундарды желеге байлашабыз   привязываем жеребят к привязи для жеребенка
бээлерди саайт  доят кобыл
сабаага куюп наливая в большой  кожаный бурдюк
аны бышабыз  здесь: взбиваем его 
жайытка кетет  уходит на пастбище
кой кайтарышуу  пасти баранов
сүзмө куят  наливает сузмо
курутту жаюу  расстилает курут
очокко от жагуу  разведение огня в очаге
нан жабуу  выпечка хлеба
тезек теришип, аны кургатышат  собирают кизяк и сушат его
чаначтарга куюу  разливание в бурдюк
бээлер беш маал саалат  доят кабыл 5 раз в день 


б) Сөздөрдүн туура котормосун тапкыла







в) Текстти  окугула, бири-бириңерге аңгемелеп бергиле

Жайлоодогу тиричилик

       Жайлоодогу тиричилик таң ата электе башталат. Эртең менен эрте, күн чыга электе чоң атам жылкыларды айдап келгени кетет. Жылкылар келгенче чоң энем уйларды саап, очокко от жагып, сүттү бышырып, айранды уютуп, самоорго чайын коюп, анан бизди ойготот. Мен, Ырыскелди, Мырза үчөөбүздүн дагы өз милдетибиз бар. Чоң атам жылкыларды айдап келгенден кийин биз кулундарды желеге байлашабыз. Жеңем бээлерди саап берет. Биз бээнин сүтүн сабаага алып барып куюп, кезек-кезеги менен аны бышабыз. Ага чейин чоң энем бизге эртең мененки тамагын дасторконго коюп, даярдап турган болот. Баарыбыз отуруп ысык сүт, самоордун чайын ичип, нан менен каймак жейбиз. Эртең мененки тамактан кийин байкем атын минип, койлорун айдап жайытка кетет. Албетте, биз дагы кезеги менен кой кайтарышканга жардам беребиз.

      Чоң энем баштыкка сүзмө куят. Даяр болгондо жеңеме курут жайышканы жардам беребиз. Көпчүлүк учурда Мырза менен Ырыскелди тезек теришип, кургатышат. Мен болсо очокко от жагып, жеңеме нан жапканга жардам бергенди жакшы көрөм. Сабаадагы даяр болгон кымыздарды чаначтарга куюп коёбуз, анткени чаначта кымыз жакшы сакталат экен. Кечинде уйларды жайыттан айдап келебиз, чоң энем саайт. Бээлер беш маал саалгандан кийин кечке жуук аларды кулундары менен кошо жайытты көздөй айдап жиберебиз. Жайлоодогу тиричилик кызыктуу жана түйшүктүү. Бирок биз жыл сайын жайкы каникулду жайлоодон өткөрөбүз.



 



в) Суроолордун туура жообун тапкыла


1. Жайлоодогу тиричилик качан башталат?


2. Жылкыларды ким айдап келет?


3. Чоң эне эртең менен эмне кылат?


4.Бээлерди ким саап берет?


5. Кулундарды каякка байлашат?


6. Койлорду ким кайтарат?


7. Мырза менен Ырыскелди кандай жумуш жасашат?


8. Кымыз кандай идиште даярдалат?


10. Курутту эмнеден жасашат?


11. Бээлер канча маал саалат?




г) Сүйлөмдөрдү мааниси боюнча бириктирип жазгыла